Акыркы макалалар

Эгин талааларды чегиртке каптады

Эгин талааларды чегиртке каптады

Быйыл өлкөнүн айрым аймактарындагы жайыт жерлеринде жана эгин талааларында чегиртке көп. Ага эрте чара көрүлбөсө, эгин менен тоюттан куржалак калабыз деп дыйкандар коңгуроо кага баштады. Деген менен Айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги эгин менен чөптөр үчүн зыяндуу делген заттарды жок кылуу үчүн дары чачылганын билдирди.

Ушул тапта Нарын облусунун жайыт жерлерин кара чегиртке басты. Эгин жаңыдан баш бакканда эмитен мындай кара чегирткенин көп болушу дыйкандарды кабатыр кылып жатат.

Нарын районунун тургуну, дыйкан Бектур Бекеновдун айтымында, чегиртке Миң-булак айылында 1 805 гектар жерди каптап кетти. Өткөн жылы чегирткелердин кесепетинен түшүмдүүлүк аз болгон. Быйыл дагы коркунуч эки эсе көп болууда.

—Азыр жаңы чыккан чөптөрдүн башын чегиртке жеп баштады. Мисалы, бир гектар жерден 200 боо чөп алсак, чегиртке жеп салгандан кийин 50 эле боо алып атабыз.

Ошондой эле Жалал-Абад облусундагы дыйканчылык аймактарында дагы чегирткелер көйгөйү жаралды. Күн жылый баштаганда чегирткелер пайда болуп, өсүп келаткан эгиндерге ири өлчөмдө зыян келтиришет. Зыян алып келүүчү чегирткелер Аксы, Ноокен, Базар-Коргон райондорунун эгин талааларында көп кездешет. Өткөн аптада абанын температурасы кескин жогорулап, чегирткелер бат жетилип, талаадагы эгиндерге олуттуу зыян келтире баштады. Алар учууга да жөндөмдүү болгондуктан, дарылоо менен ууландырууга мүмкүн эместигин Жалал-Абад аймактык өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы Кайрат Садыков билдирди.

-Чегиртке эгин жана чөптөр үчүн зыяндуу. Эгерде чегирткелер өз убагында химиялык заттар менен ууландырылбаса, анда дыйкандардын түшүмүн сактап кала албайбыз.

Азыр Талас облусунун айрым аймактарында дыйкандар эртелеп эккен эгиндеринен кол жууп калабызбы деп кооптонушууда. Анткени чегирткелер айдоо аянтарындагы көгөрүп чыккан төөбуурчакты жеп, тазалап кетиши мүмкүн. Дыйкан Эмир Парпиев чегиртке өрттөн дагы коркунучтуу экенин айтып, айыл чарба тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан жардам берилбей жатат деди.

-Төөбуурчак абдан назик өсүмдүк болгондуктан, өсө баштаганда эле чегиртке жей баштады. Айрым дыйкандар жамгырдын көп жаашынан улам кайра башынан эгип чыкты. Эми күн жылып, чегирткелердин коркунучу пайда болду.

Деген менен аталган министрлик быйыл чегиртке басып кетүү коркунучу бар делген 60 миң гектарга дары се бкен. Бул тууралуу айыл чарба тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

—Мен эгин талаалары менен таанышып чыктым. Учурда республика аймагындагы кылкандуу эгин аянттарындагы зыянкечтерди ууландыруу аракеттери көрүлүүдө. Эч кандай чегиртке жок.

Эгин аянттарындагы зыянкечтерди жок кылуу үчүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин алдындагы химизациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти иш алып барат. Бул мекеме дыйкандарга чегиртке чыгуу коркунучу бар экенин эки ай мурун кабарлап туруусу керектигин Академик Жамин Акималиев билдирди.

—Министрлик качан чегирткелер чыкканда өкмөткө барып, акча сурап калышат. Бирок кечигип калышып, чегирткелер дыйкандардын эмгегин жеп коет. Ошондуктан тиешелүү министрликтин адисттерине талапты жогору коюу зарыл.

Кыргызстан тоолуу өлкө катары эсептелгендиктен анын 95 пайызын тоолор ээлейт. Калган беш гана пайызы айыл чарба багытындагы жерлер. Ошондуктан, кылкандуу дан эгиндер айдалган аянттардагы зыянкечтерге каршы күрөшүү иштерин күчөтүү зарылдыгын адистер белгилешет.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...