Акыркы макалалар

Жогорку Кенештин депутаттары жайкы каникулга тароо алдында акыркы жыйынын өткөрдү

Жогорку Кенештин депутаттары жайкы каникулга тароо алдында акыркы жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу КирТАГга парламенттик кабарчыбыз билдирди.

«Биз каникулга тараганы жатабыз. Күн тартибинде ар кандай маанилүү маселелерди талкуулабай эле койбойлубу?», - деген сунуш киргизди депутат Кожобек Рыспаев.

Аны сунушу менен депутат Исмаил Исаков макул болгон жок. Ал депутаттар каникулга кетээр алдында өкмөткө тапшырма бериш керектигин ай тты. Биз эки айга кетип жатабыз, бирок каникулга тарай электе өкмөткө тапшырма беришибиз керек. Биз келгенге чейин алар тапшырманы аткарсын» - деп белгиледи ал.

«Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров, вице- премьер Тайырбек Сарпашевга тиешелүү компаниянын, Кумторго байланышкан маселелерин текшерген комиссиянын ишин карап чыгууну сунуштады. «Комиссиянын отчет берүүгө даяр, күн тартибине ушул маселени киргизели», - деди ал.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Мойдунов Т. Сарпашев иш сапар менен жүргөнүн айтып, ан өзү жыйынга катышпай туруп, бул маселени карай албайбыз деп билдирди.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар «ар кандай маселени кароо» чечимине келди. Бирок Т. Сарапшевдин иши боюнча маселе күн тартибине киргизилгени жок.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...