Акыркы макалалар

Акаев: Парламентке идея менен келген адам аз

Акаев: Парламентке идея менен келген адам аз

«Парламентке идея менен келген адам аз. Кызыкчылыктар менен гана топтолушат.» Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбистигин алууда бир депутат чыгып Атамбаевди колдоп койбогону КСДП кызыкчылык менен түптөлгөн партия экенинен кабар берет.

«Атамбаевдин колдоосу менен жашоосун ирээтке келтиргендер, бийликке келгендер бар. Алар бир да жолу Атамбаевдин таламын талашкан жок. Азыр кыйкырган депуттар убагында «Атамбаев тарыхта калат, ага каршы чыгып жатасың, аны керек болсо кайрадан президенттикке коёбуз дешкен. Атамбаев менен иштешип жүрүп анын командасындагы чечүүчү адам болгон жокмун, буга сыймыктанам», — дейт Акаев.

Эл өкүлү белгилегендей, президенттер да маалыматтарды, алар боюнча элдин пикирин интернет аркылуу билип турат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...