Акыркы макалалар

Жээнбеков Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга барат

Жээнбеков Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга барат

Ушул жылдын 6-8-июнь күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков Кытай лидери Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга мамлекеттик сапары менен барат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында эки өлкөнүн жетекчилеринин жолугушуусунда ар кандай эки тараптуу 10го чукул документке кол коюлат. Басма сөз жыйынында Данияр Сыдыков ошондой эле кыргыз тарап эки өлкөнүн алкасына өзгөчө маани берерин айтты.

«Кыргыз тарап кыргыз кытай мамилелерине жана келечектеги өнөктөштүк мамилесине өзгөчө маани берет», — деди Сыдыков.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытай мамлекетинин ортосунда 200дөн ашуун мамлекеттик, өкмөт аралык жана ведомство аралык келишимдер бар.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...