Акыркы макалалар

Жол коопсуздугун бекемдөө үчүн атайын долбоор иштеп жатат

Жол коопсуздугун бекемдөө үчүн атайын долбоор иштеп жатат

“Жол коопсуздугу” коомдук бирикмеси жергиликтүү эл менен жол коопсуздугун бирге чечүү үчүн атайын долбоордун үстүнөн иштеп жатат. Долбоордун ассистенти Гүлзат Жакыбалиеваны айтымында, ал беш айга созулат.

«Ар бир аймактын маселесин ошол жердеги жергиликтүү элден жакшы эч ким билбейт. Ошондуктан, жергиликтүү бийлик менен элден сурамжылоолорду жүргүзүп, алар менен бирге “Кандай кооптуу аймактар бар жана кантип чечебиз?” деген суроолорго чоогу жооп издеп жатабыз. Алгач Бишкек шаарындагы Свердлов районунан баштадык. Ленин районунда ишибиз уланууда. Мындан тышкары мектеп окуучулары менен да көп иштешүүдөбүз. Анткени балдардын өмүрүн алган кырсыктар да көбөйгөнү маалым. Аларга да окутуулар, кызыктуу оюндар, жолдо жүрүүнүн эрежелери сыяктуу иш чаралар өтүп жатат. Бардык топтолгон маалыматтарды анализдеп чыгып, жыйынытыгын тиешелүү бийлик органдарына сунуш катары беребиз»,-дейт Жакыбалиева .

Айта кетсек долбоордун жыйынтыгы август айында чыгарылат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...