Акыркы макалалар

"Дүйнө сулуусу" сынагынын кыргызстандык лауреаты кырсыкта көз жумду

"Дүйнө сулуусу" сынагынын кыргызстандык лауреаты кырсыкта көз жумду

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" сынагынын лауреаты Сания Шакирова 2-июнга караган түнү жол кырсыгында көз жумду. Авария Ысык-Көл облусунун Чок-Тал аймагында болгон, айдоочу унааны башкара албай жол четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөн. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов "Азаттык" радиосуна билдирди. Окуядан дагы бир адам жабыркап, ооруканага жатты.

30 жаштагы Сания Шакирова Вьетнамда өткөн Miss Universe Beauty-2018 катышкан. Сынакта "Дүйнөнүн сулуу айымы" аталган. Ал эми "Дүйнөнүн эң сулуу айымы" титулун орусиялык катышуучу алган.

Саниянын артында үч баласы калды.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 183 адам жол кырсыктарында набыт кетишти.

Кыргызстан авария көп болгон мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы 6 346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...