Акыркы макалалар

Т.Сарпашев араб өнүктүрүү фонддорун Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды

1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Ислам өнүктүрүү банкы топ башкаруучуларынын ар жылда өтүүчү 39-жыйынына катышуу алкагында Кувейттик Араб экономикалык өнүгүү фондунун башкы директору Абдульвахаб Аль Бадр жана Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Юсуф Аль Басам менен жолугушту. Бул тууралуу КР Өкмөттүнүнаппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүбилдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн айыл чарба, энергетика, инфраструктура, кайра иштетүүчү өнөр жай, тоо-кен, туризм жана курулуш тармагындагы келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча араб фонддору менен учурдагы кызматташууну талкуулашты.

Т.Сарпашев араб өнүктүрүү фонддорун Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды жана аларга Өкмөт тараптан салынган капиталдын сакталышына кепилдик берилээрин билдирди.

Өз кезегинде араб фонд жетекчилери Кыргызстан менен иштиктүү кызматташууну активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...