Акыркы макалалар

Жалал-Абадда жаңы коалиция түзүлүп, мэрликке талапкерлер көрсөтүлдү

Жалал-Абадда жаңы коалиция түзүлүп, мэрликке талапкерлер көрсөтүлдү

Жалал-Абад шаардык кеңешинде бүгүн “Үлгүлүү шаар үчүн” деген аталышта жаңы колиция түзүлүп, мэр шайлоого талапкерин сунуштады.

Курамына КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” фракциялары кирген көпчүлүк коалиция шаардык кеңештин азыркы төрагасы, «Ата-Журт» фракциясынын мүчөсү Мураталы Тагаевди шаар башчылыкка көрсөттү.

Ал эми «Ата-Журт» фракциясы Шайырбек Ташиевди талапкер катары сунуштаганын Аймактык шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Шайырбек Ташиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин бир тууганы.

“Ата-Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары азчылыкта калды. Мэр шайлоо 11-июнга белгиленген.

Түп нускага шилтеме : pk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...