Акыркы макалалар

Жалал-Абадда чыгарылган суу түтүктөрү Бишкекке экспорттолууда

Жалал-Абадда чыгарылган суу түтүктөрү Бишкекке экспорттолууда

Кыргызстанда алгачкы жолу “Рухулла Боташев” аттуу ишкана суу түтүктөрүн (шланга) чыгарып жатат. Бул ишкананын жетекчиси Жалал-Абад ЖИАнын мүчөсү.

“Биз бул ишти жакында эле баштаганбыз. Бир айдын тегереги болуп калды. Кыргызстанда аналогу болбогон суу түтүгүн биринчилерден болуп иштеп чыгууну баштадык. Бизге мындай буюм сырт жактан келет болчу. Ушул сыяктуу суу түтүктөрү чыкса, башка жактарга экспорттосок деген максатта ишке ашырдык. Негизинен бул шланганы жасоо үчүн Турциядан адис чакырганбыз” — дейт жеке ишкер Рухулла Боташев.

Ишкана өткөн аптадан өндүргөн продукциясын Бишкекке жөнөтүп баштаган. Ал жактагы кардарлар “Рухулла Боташевдин” өндүргөн суу түтүктөрүнүн сапатын көрүп, башкалар менен салыштырып, жакшы баа беришкен. Суу түтүктөр учурда “Ысык-Көл”, “Анталия”, “День-ночь” деген маркалар менен чыгууда жана сырьену Россиядан алып келишет.

Кошумчалай кетсек, аталган ишканада 3 киши 1 сменде иштеп жатат. Андан сырткары област ичинде аны таратуу боюнча дагы 3 бала иштейт.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...