Акыркы макалалар

Министрлик: аба ырайына байланыштуу быйыл түшүм аз болот

Министрлик: аба ырайына байланыштуу быйыл түшүм аз болот

Акыркы күндөрү Кыргызстанда нөшөрлөп жаан жаап, жайыттарга түшкөн кардан улам мал кырылды.

Нөшөрлөп жааган жаандан улам быйыл түшүмдүн көлөмү былтыркыга салыштырмалуу төмөн болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Буга чейин бир нече ирет шашылыш билдирүү таратылган болчу. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайынын температурасы төмөндөп, Бишкектин жака белине кар түшкөн.

"Нөшөрлөп жааган жаан буудай, арпа, мөмө-жемиштерге терс таасирин тийгизет. Анткен менен бедеге залакасы болбойт. Биздин божомол боюнча быйылкы түшүм былтыркыга салыштырмалуу азыраак болот. Бирок мониторинг жүргүзүлүп, эсептөөлөр аяктагандан кийин так жооп айта алабыз", — деди министрдин орун басары.

Ал ошондой эле буга чейин түшкөн кардан мал кырылып, учурда чыгымдар эсептелип жатканын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...