Акыркы макалалар

Айыл маданиятын өнүктүрүү боюнча фестиваль өтөт

Айыл маданиятын өнүктүрүү боюнча фестиваль өтөт

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, айыл маданиятын жандандыруу максатында “Айыл оттору” аталышында фестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлайт.

Фестивалдын милдеттери, аймактарга мүнөздүү этномаданий, тарыхый, социомаданий өзгөчөлүгүн аныктоо,

— маданияттын мыкты үлгүлөрүн жайылтуу аркылуу элет калкынын

бош убактысын мазмундуу, пайдалуу уюштурууга шарт түзүү;

— айыл жергесиндеги маданият үйлөрүнүн имараттарын оңдоо;

— ар бир жердин шартына жараша туристтик бренд ачуу жана потенциалын өнүктүрүү болуп эсептелет.

Фестивалга өкмөттүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, бардык райондордун, шаарлардын маданият бөлүмдөрү, кол өнөрчүлүк, туризм жаатында иштеген бейөкмөт уюмдар, бирикмелер, ассоциациялар катышат.

“Айыл оттору” фестивалынын алгачкы күнү Ош облусунун Алай районунда өткөрүлөт. Иш чарага өлкөнүн мамлекет жана өкмөт жетекчилери чакырылат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...