Акыркы макалалар

Баткенде улуттук парк ачылат

Баткенде улуттук парк ачылат

Баткен облусунда улуттук парк ачылат. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов билдирди.

Рустамов Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда өткөн эл аралык семинарда Тажикстан менен өзгөчө корукка алынган аймактар тууралуу маалымат алмашуу боюнча келишим бар экенин айтып өттү.

“Бизде Баткен облусуна жаратылыш коругун түзүү боюнча программа бар. Ал жерде кызыл китепке кирген варандар бар. Ошол жерде улуттук парк курулуп корукка алынат”,— деди Рустамов.

Белгилей кетсек, учурда өлкө аймагында өзгөчө корукка алынган 13 парк жана 10 жаратылыш коругу бар.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...