Акыркы макалалар

Түндүк Кипр: Кыргызстандык жигит бычак жеп ооруканага түштү

Түндүк Кипр: Кыргызстандык жигит бычак жеп ооруканага түштү

Гирне шаарындагы "Доктор Акчичек" ооруканасынын дарыгери Өзжан Хүдаверди "Азатыкка" билдиргендей, 27 жаштагы кыргызстандык жигит 24-майда бычак жеген, эки буту сынган абалда ооруканага түшкөн. Анын денесине 7-8 жолу бычак сайылганы айтылды. Учурда абалы оор, комада жатат.

Окуя 24-майда Түндүк Кипрдин Гирне шаарында болгон. Тез жардам бөлүмүнө алгач жергиликтүүлөрдөн телефон аркылуу кыргызстандык жаран "көп кабаттуу үйдөн кулады" деген кабар келген. Дарыгерлер барып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз. Гирне шаарынын полиция кызматы иликтөө иштерин баштаганы кабарланды.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Түндүк Кипрде бир жарым миңден ашуун кыргызстандык жаран жашап-иштейт. Негизинен алар тейлөө кызматтарында, казино-ресторандарда иштеп келет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...