Акыркы макалалар

Баланы тепкилеп сабаган мыкаачы аял ким? Жүрөк ооруткан видео боюнча ИИМдин жообу

Баланы тепкилеп сабаган мыкаачы аял ким? Жүрөк ооруткан видео боюнча ИИМдин жообу

Интернетте аял наристени ичке тээп, бычак менен коркутуп жаткан кадрлар пайда болду. Кыргызстан менен Казакстандын укук коргоо органдары видеону иликтеп жатат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги аялдын кыз баланы катуу сабап жаткан видеосун иликтеп жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Социалдык тармактардын кыргыз сегментинде келиндин болжол менен үч жаштагы наристени сабап жатканы тартылган тасма тараган.

Кадрларда көрүнүп тургандай, алгач аял керебеттин үстүндө жаткан баланы ичке тепкилейт дагы колу-бутунан көтөрүп туруп дубалга урат. Андан соң полго түшүрүп алып, бачак менен коркутуп жатканда, видеого тартып жаткан эркек киши аны токтотуп калат.

"ИИМ видеонун Кыргызстанда тартылган-тартылбаганын иликтеп жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, видео интернетте жакында эле пайда болду", — деп айтышты министрликтен.

Жүрөк ооруткан кадрлардагы каармандарды Казакстандын ички иштер органдары дагы издеп жатканын Nur.kz сайты жазды.

Интернеттин казак сигментинде дагы бул видео жакында эле пайда болгон.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...