Акыркы макалалар

Айыл чарбасына 3 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди

Айыл чарбасына 3 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди

Бүгүнкү күнгө карата «Айыл чарбасын каржылоо-6» программасынын алкагында дыйкан-фермерлерге 3 миллиард сомдук жеңилдетилген насыя берилди.

Өкмөттүн жеңилдетилген насыясын алам дегендердин агымы дагы деле суюла элек. Кезекте тургандардын алды насыяга жетсе, арты кийинки жылга калып жатат. Алардын арасында Баткендеги өрүктү кайра иштетүүчү ишкананын жетекчиси Болот Абдылдаев бар. Багбанга быйыл өкмөттүн жеңилдетилген насыясы берилген жок.

—Өрүктү кайра иштеткен заводду чоңойтоюн деп насыя алуу үчүн»Айыл Банкка» кайрылгам. Бирок беришкен жок. Буга чейинки алган насыяңызды төлөп келиңиз деп коюшту. Кийинки насыяга кое турган күрөөм деле бар болчу. Банктын шарттарына толук туура келген. Банкта акча калган эмес окшойт деп калдым.

Чындыгында «Айыл чарбасын каржылоо» программасынын алкагында берилген насыяны жылына 15 миңдин тегерегиндеги гана дыйкан алат. Ошондуктан жеңилдетилген насыянын көлөмүн быйыл 7 миллиард сомго чыгаруу пландалып жатканын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелорация министри Нурбек Мурашев «Марал» радиосуна билдирди. «Бирок бул көлөм дагы Кыргызстандагы дыйкан-фермерлерге аздык кылат.

—Былтыркы темпти кармайлы деп дыйкандарга 7 млрд сомго чейин насыя берели деген тилегибиз бар. Азыркы маалымат боюнча 3 миллиард сомдон ашык суммага насыя берилди. Мамлекет тараптан субсидия кылып 500 млн сом бюджеттен бөлүнгөн. Дагы бөлүнөт. Чынын айтканда бул сумма дагы жетишсиз болуп жатат. Каражат 15 миңдин тегерегиндеги гана жаранга жетип, калганы ала албай жатат. Ошондуктан бул сумманы эки эсе көбөйтүшүбүз керек. Эми ошого аракет кылып жатабыз.

Насыянын 1 миллиард 800 млн сомун «Айыл Банк» бериши керек. Бүгүнкү күнгө чейин 1 млрд 384 млн 934 миң сомдук арыз канааттандырылды. Анын ичинен мал-чарбачылыгына 763 млн сом, талаачылыкка 357 млн сом, кайра иштетүүгө 264 млн сом туура келди. Эми алдыда дагы 415 млн сомго насыя бере алат. Кардарлар насыяны 100 миң сомго чейин күрөөсүз ала алышат. Ал үчүн өз аймагынан дыйканчылыгын тастыктаган аксакалдар кеңешинин ишеним каты талап кылынат. Аны менен катар паспортту, жашаган жеринен маалым кат, патент жана социалдык фонддон карызы жок деген аныктама керек. Насыяны алуу жолдору менен аталган банктын насыялоо башкармалыгынын башчысы Нурлан Нишанов тааныштырды.

-Насыя мал чарбачылыкка 10 пайыз менен берилет. Бирок асыл-тукум мал алам десе, ага 8 пайыз менен берилет. Эгерде талаачылыктын ичинде багбанчылык кылам десе, анда 8 пайыз менен беребиз. Талаачылыкка багытталган насыя жазында гана берилет. Ал эми мал-чарбачылык тармагына алам дегендер сөзсүз кезекке турушу керек. Экспортко багытталган тармактар приаритеттүү деп саналат. Анан албетте бул насыяны алуу электрондук кезек менен берилет.

Жеңилдетилген насыя дыйкандар үчүн пайдалуу деп айтылганы менен коммерциялык банктардын гана чөнтөгүн толтуруу болуп жатат. Мындай пикирин экономист Эркин Абдразаков билдирет. Себеби бүгүнкү күнү банктардагы жылдык үстөк пайызы 15-20 пайыз болгон насыялардын 10 пайызын мамлекет жөн гана коммерциялык банктарга төлөп калып жатат. Ошондуктан бул жагынан программа өзүн актабай калып жатат.

—10 пайыз дегенибиз менен өкмөт коммерсанттарга төлөп берип коюп жатат. 7 млрд сом болсо, 3,5 млрд сомун 10 пайыздагы кайтарым менен бюджеттин эсебинен коммерциялык банктарга кайтарып берип жатпайбы… Бул эң эле кымбат долбоор. Макул элге берген насыя арзан дейли, бирок Кыргызстандын жалпы бюджетине таасири чоң болуп жатпайбы. Бул жагынан долбоор өз максатына жеткен жок.

Эскерте кетсек, «Айыл чарбасын каржылоо» долбоору акыркы алты жылдан бери дыйкан-фермерлерге жана кайра иштетүү тармагындагы ишкерлерге берилип келет.

Эми алдыда токтомго өзгөртүү киргизип, атайын кооперативдерге дагы 8 пайыз менен жеңилдетилген насыяны берүүнү пландап жатканын Айыл чарба министрлиги кабарлайт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...