Акыркы макалалар

Кыргызстанда 60 миңдей окуучу 11-классты бүтүрүп жатат

Кыргызстанда 60 миңдей окуучу 11-классты бүтүрүп жатат

Кыргызстанда быйыл 59 463 окуучу мектептин 11-классын бүтүрүп жатат. Ал эми 9-классты 93 874 бала аяктоодо. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бүгүн өлкө мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаттары өтүүүдө. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги мектепте жана башка көңүл ачуучу жайларда коштошуу кечелерин өткөрүү үчүн акча чогултууга тыюу салган. Мугалимдерге окуучулардан белек алууга да уруксат берилген жок.

Мектептердеги салтанаттуу иш-чараларда салют же башка атылуучу каражаттарды колдонбоо талабы коюлган.

Кыргызстанда 2 236 мектеп бар.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...