Акыркы макалалар

Кара-Кулжада шамалда жабыркаган кыздын абалы жакшы

Кара-Кулжада шамалда жабыркаган кыздын абалы жакшы

Оштун Кара-Кулжа районунда катуу шамалда талдын бутагы басып калган 5 жаштагы кыздын абалы жакшы. Учурда кыз райондук ооруканада жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

23-майда райондогу Карагуз айыл аймагында катуу шамал согуп, ылдамдыгы секундасына 27 метрге чейин жеткен. Бороон 15 үйдүн 72 даана шиферин, 13 сарайдын 221 даана шиферин учуруп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмү жана Жарандык коргонуу комиссиясы кошумча тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Ошол күнкү шамал Таласта да 11 үйдүн чатырын учуруп кеткен.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...