Акыркы макалалар

Нарындагы калың кар: Дайынсыз жоголгон 600 кой изделүүдө

Нарындагы калың кар: Дайынсыз жоголгон 600 кой изделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 23-майда калың жааган кардын кесепетинен Ак-Сай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек жайлоосунда Рысбек уулу Т. аттуу чабандын 800 баш кой-эчкиси жоголгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-майда чабан 200дөй кой-эчкисин таап, чогулткан.

КР ӨКМнин Ат-Башы райондук бөлүмүнүн башчысы жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы атайын унаалар менен жерине 65 түк чөп жүктөп чыгышып, “Кынды” чек ара заставасында түнөп калышкан.

25-майда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан калган малдардын жоголгондугу тууралуу маалыматты тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...