Акыркы макалалар

Мамлекеттик ипотека берүү убактылуу токтотулду. Себеби

Мамлекеттик ипотека берүү убактылуу токтотулду. Себеби

"Жеткиликтүү турак жай" программасы боюнча үч миңге чукул киши там-таштуу болгон.

Мамлекеттик ипотека берүү каражаттын жоктугунан убактылуу токтогонун "Мамлекеттик ипотекалык компания" ишканасынын башкаруучулугунун төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

Анын айтымында, компания быйылкы жыл үчүн каралган 500 миллион сомдун баарын берип бүттү. Ушу тапта акча тартуу иштери жигердүү жүрүп жатат.

"Насыя берүүнү убактылуу токтоттук. Дагы 500 миллион сом бөлүү боюнча өкмөттүн токтомунун долбоору даяр болду. Каражат бериле турган жарандардын тизмеси бар. Акча түшөрү менен насыя берилет", — деди Шамкеев.

Компаниянын жетекчиси токтомдун долбоору министрликтердин макулдашуусунан өтүп, Жогорку Кеңештин комитеттери тарабынан колдоого алынышы керектигин белгиледи. Шамкеев каражат июндун башында түшүп каларын кошумчалады.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотеканын коюму 8-10 пайызды түзөт. "Жеткиликтүү турак жай" программасы боюнча үч миңге чукул киши там-таштуу болгон.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...