Акыркы макалалар

Бажынын жаңы башчысы сынга кабылды

Бажынын жаңы башчысы сынга кабылды

Фото: Алмаз Оңолбеков (солдо) Замирбек Аскаров (оңдо)

Депутаттар Бажы кызматында кайрадан башаламандык башталганын, премьер-министр натыйжа көрсөтүп жаткан мурдагы Бажы башчысын кызматтан алганын айтып чыгышты.

Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында депутаттар Мамлекеттик бажы кызматына жаңы дайындалган жетекчилерди сындады. Эл өкүлү Жанар Акаев өкмөт Кубанычбек Кулматовго өчөшүп аны кызматтан алганын, ал эми жаңы дайындалган Алмаз Оңолбеков Бажыда башаламандык кылып жатканын жарыялады.

— Мына Кулматовго өчөшүп Оңолбеков деген кишини Бажыга алып келдиңер. Иштегенине эки ай боло элек, Бажыда өмүр бою иштеп келген кызматкерлердин алганын-алып, төмөндөткөнүн-төмөндөтүп жатат. Ар кандай өзүм билемдик, башаламандык болуп жатат. Оштон ишкерлер, айдоочулар кайрылып «мурдагыдай система кайра башталды» деп айтышууда. «Транзиттик жүктөргө акча алуу кайра башталды» деп жатышат. Кааласаңар кимдер бергенин, ар бир фурага 2 миң доллардан алып жатканын айтып берем. Ишкерлердин видеолорун чыгарып, интернетке дагы коёлу. Өкмөт олуттуу, коомчулук талкуулап, коррупцияга шек жаратып жаткан иштер менен күрөшкүлө.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов 14-майда кызматынан кеткен. Ал кийин «саясий басымдын негизинде кызматын тапшырганын» айткан. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков дагы Бажынын башчыларынын алмашышын кескин сындап, аталган кызматты «бийликтин капчыгы» деп атады.

-Мына Бажы кызматынын, Салык кызматынын башчысын алмаштырдык. Салыктын төрт айда түшкөн көлөмү көп экен. Бажыдан түшкөн көлөм 3 млрдга жетип (сом) калыптыр. А эмне үчүн алдыңар? Оңолбековду оңош үчүн алып келдиңерби же Бажыны тонош үчүн алып келдиңерби? Бийликке кандай гана команда келбесин капчыгы пайда болот да. Капчыктын баары ушул Бажы кызматында отурат. Кандай бийлик келбесин капчыгы келет. Ушуну токтотпойсуңарбы. Жеңиш Исаковду дагы алдыңар. Эмне коррупциянын бетин ачканы үчүнбү, же 1 айда 1 млрд сом пландан ашык каражат түшүргөнү үчүнбү? Орден бере турчу кишилердин баарын кыскартып жатпайсыңарбы.

Кулматов жумуштан алынган күнү эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бажыга жаңы жетекчи кылып Алмаз Оӊолбековду дайындаган. Аны вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бажы кызматынын жамаатына тааныштырып жатып, Оӊолбеков бул тармакта дээрлик 25 жыл иштегенин, анын алдында бажы төлөмдөрүн көбөйтүү милдети турганын айткан.

Парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрага орун басары, депутат Зиядин Жамалдинов «Марал» радиосуна жаӊы жетекчиге убакыт бериш керектигин жана эски кадрларды алмаштыруу зарылчылыгын айткан.

— Коомчулукта айтылып жаткан уурулукту токтотуш керек. Келген товарлар менен машиналарды мыйзамдын чегинде катташ керек. Жетекчи алмашты эми иштеп көрсүн. Андан кийин айтабыз да. Учурда баардыгы теӊ эски кадрлар болгондуктан мурдагы эле мыйзамсыз иштерин кайталап кыла бериши мүмкүн. Ошондуктан акырындык менен кадрларды алмаштырыш керек.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Кулматовду Бажы кызматына былтыр жыл аягында дайындаган соӊ, мекеменин жетекчи орун басары Райымбек Матраимовду кызматтан алган. Бул өз кезегинде быйыл январь айында бажы төлөмдөрүнүн бир топ көбөйүшүнө алып келгени айтылган.

Расмий маалымат боюнча Борбордук бажынын күн сайын топтогон каражаты 30 миллион сомду түзсө, бул көрсөткүч январда 60 миллион сом болгон. Ал эми Ош бажысындагы төлөмдөр он эсе көбөйүп, мурда күнүнө 1,5-2 миллион сом болсо, ал 15 миллион сомго жеткен. Экономист Кубан Чороев Бажыдагы коррупцияны жоюш үчүн постторго видеокөзөмөлдөрдү коюш керек деп эсептейт.

— Автоматтык система келген товарды жөн гана каттайт. Бул система товарды карап, көзөмөлдөбөйт. Чек арадан кирип келе жаткан машиналарды Бажы кызматы текшере турчу атайын жерлер бар. Ошол аймактарга онлайн камераларды коюш керек.

22-майда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жеңиш Исаковду кызматтан алып, анын ордуна Шамиль Бердалиевди дайындаган.

Бажынын төрагасы болуп дайындалган Алмаз Оңолбеков буга чейин «Түндүк» бажысында жетекчи болуп турган. Ал эми Шамиль Бердалиев Бажы кызматынын орун басары булуп эмгектенип келген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...