Акыркы макалалар

Ак-Талаа районундагы көлмөгө 4 миң даана балык коё берилди

Ак-Талаа районунун Коңорчок айыл аймагына 4 миң даана түстүү форельдин чабактары алынып келип, атайын жасалган көлмөгө коё берилди. Ар бир чабактын баасы 7 сомдон сатылып алынган. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылы миң даана чабактар алынып келинген. Аларды өстүрүп, чоңойтулган соң 1 килограммын 400 сомдон сатылган. Миң балыктан сатылып отуруп, азыр 300 дөй эле калган. Бир балык 600-700 граммдан эт берет.

"Азыркы тапта ПРООНго долбоор жазылып, район үчүн атайын балыктын уругун алып келүү пландалууда. Балык өстүрүү Ак-Талаа районунун көпчүлүк айылдарында кеңири тарап жатат", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...