Акыркы макалалар

Бардарчылыкка умтулуп... Жалал-Абадда жакыр үй-бүлөлөргө күнөскана берилди

Бардарчылыкка умтулуп... Жалал-Абадда жакыр үй-бүлөлөргө күнөскана берилди

Долбоордун максаты — аталган аймакта тамак-аштын сапатын жакшыртып, муктаж үй-бүлөлөрдүн кирешесин көбөйтүү.

Жалал-Абад облусунда жакыр жашаган 123 үй-бүлөгө БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) күнөсканаларды берди. Бул иш-чара "Жемиштүү социалдык келишим/Акча каражаттары плюс" долбоорунун алкагында ишке ашканын аталган уюмдан билдиришти.

Долбоор 2017-жылы ФАО менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан ишке ашкан. Максаты — аталган аймакта тамак-аштын сапатын жакшыртып, муктаж үй-бүлөлөрдүн кирешесин көбөйтүү.

"123 үй-бүлөгө Жалал-Абад облусунда жакшы сатылчу алты жашылча-жемиштердин үрөнү берилди. Мындан тышкары, аларга туннель формасындагы орточо чоңдуктагы жылытылбаган күнөсканалар тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, аталган күнөсканалар эрте жаздан кеч күзгө чейин иштеп, аймактын жашылча-жемишке болгон муктаждыгын толтура алат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...