Акыркы макалалар

Россияга кеткен кыргызстандык мигранттардын саны 5 эсеге өстү

Россияга кеткен кыргызстандык мигранттардын саны 5 эсеге өстү

Кыргызстан РФтеги мигранттарынын саны боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде биринчи орунда турат.

2012-жылдан бери Россияда иштеген кыргызстандыктардын саны 5 эсеге өскөн. Бул тууралуу РФтин Ички иштер министрлигине таянуу менен RT жазып чыкты.

Эгер 2012-жылы Россияда Кыргызстандын 79 375 жараны иштесе, 2017-жылы алардын саны 376 863кө жеткен.

Кыргызстан РФтеги мигранттарынын саны боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде биринчи орунда турат. Экинчиде — Армения (2017-жылы — 232 247), андан кийин Белоруссия (2017-жылы — 124 633) жана Казакстан (2017-жылы — 88 202) келе жатат.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...