Акыркы макалалар

Тогуз-Тородогу окуя боюнча жолугушуу өттү

Тогуз-Тородогу окуя боюнча жолугушуу өттү

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 22-майда «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу учурунда тараптар 2018-жылдын 11-апрелинде Тогуз-Торо районунун Казарман айылында «Жи Эл Макмал Девелопинг» алтын өндүрүүчү фабрикасынын аймагында болгон окуяларды талкуулашты. Компаниянын жетекчилигинин маалыматы боюнча, болжолдуу зыяндын суммасы 2,3 млн АКШ долларына жетет.

Боронов окуяны тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп, башаламандыктардын уюштуруучуларын аныктоо зарылдыгын баса белгиледи.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары жана укук коргоо органдары тоо кен иштетүү компаниялары менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы карама-каршылыктардын алдын алуу үчүн чараларды көрүшү зарыл.

«11-апрелде болгон жагдайды тергөө маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат. Бул маселе боюнча бардык иштер мыйзамдын алкагында жүрүшү керек», — деди Боронов.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын өкүлдөрү мындан ары да Кыргызстанга инвестицияларды тартууга кызыктар экенин билдиришти.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...