Акыркы макалалар

Бөрүбашев: Саясий куугунтук үч жол менен болуп жатат

Бөрүбашев: Саясий куугунтук үч жол менен болуп жатат

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов ага карата саясий куугунтук болуп жатканын айтты. Буга чейин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков дагы «саясий куугунтук жүрүүдө» деген эле. Биз ушул теманын айланасында юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев менен маектештик.

Марал: Кыргызстандын саясий турмушунда саясий куугунтук деген сөз көп колдонулат. Дегиле саясий куугунтуктун аныктамасы кандай?

Бекбосун Бөрүбашев: Абдан жакшы маселе козголду анткени азыркы убакта айрым аткаминерлерге кылмыш иши козголгондо эӊ биринчи «саясий куугунтук» болуп жатат деп айтып чыгат. Ошондуктан биз саясат деген эмне, саясий оппозиция кандай болот жана саясий куугунтук кандай жол менен жүрөт ушуну карашыбыз керек. Туура, бийликтин жаратылышы ушундай экен ал өтө чоӊ мүмкүнчүлүк жана бийликке келген адамдар бийлигин бергиси келбейт. Ал өзүнүн каршылаштарына каршы күрөш жүргүзүп келген. Бул эзелтен эле ушундай.

Кыргызстандын тарыхын алсак акыркы чейрек кылымда биздин баардык президенттер өзүнүн саясий каршылаштарынын бийликке келишине ар кандай жол менен тоскоолдук кылып келген. Эми ушундай көрүнүш болуп жатканына кечээги жана бүгүн бийликте турган саясий мыкчыгерлерибиз өзүлөрү күнөөлү. Анткени биздин Баш мыйзамдын 70-беренесинде парламенттик оппозиция боюнча жобо бар. Бирок 2010-жылдан кийинки окуялардан бери 8 жыл өтсө дагы саясий оппозиция жөнүндө мыйзам кабыл алынган жок. Алты жыл мурун «Оппозициялык ишмердүүлүк жөнүндө» деген мыйзамдын долбоору иштелип чыккан. Ага биз дагы катышканбыз. Бирок ошол кезде бийликте тургандар «биз ушул бойдон бийликте калабыз, биз кетпейбиз» деп мыйзамды четке кагып коюшкан. Ошондон бери Конституцияда саясий оппозиция боюнча мыйзам жок.

Ошондуктан бийликтегилер бүгүн болбосо эртеӊ бийликтен кетээрин унутпаш керек. Сөзсүз оппозициялык көз карашын айтат ошондо укуктук жактан коргонуу жолу бар. Ал эми бийликке келгендер болсо бийликке түбөлүккө келдим деп ойлойт. Алар мен кетсем балам калат, партиялашым калат, болбой баратса досум калат деген түшүнүк менен бийликке келип жатышат.

Марал: Учурда Өмүрбек Текебаев баш болгон бир катар саясатчылар абакта жатат. Алардын тарапташтары дагы түрмөдөгү саясатчылар саясий куугунтукка кабылганын жана алардын ишин кайра карап чыгуу талаптарын коюшууда. Сиз «буга чейин саясий оппозиция боюнча мыйзам сунушталган» деп жатасыз. Анда эмнелер камтылды эле?

Бекбосун Бөрүбашев: Ал мыйзамдын долбоорунда оппозиция эмне, анын ичинде саясий оппозиция деген эмне, ишмердиги кандай болуш керек, кандай ыйгарым укукка ээ болуш керек ушулар жазылыш керек болчу. Акыркы убакта мурун бийликте жүргөндөр кайра-кайра жыйын уюштуруп «саясий туткундар бар, ошолорду бошотобуз» деп жүгүрүп жүрүшөт. Өткөндө Курманбек Осмонов (Жогорку Соттун мурдагы төрагасы) «мыйзамда саясий туткун деген жобо жок» деп абдан туура айтты. Андыктан бийликте жүргөндөр башында эле мыйзамды кабыл алышы керек болчу.

Туура Кыргызстанда саясий куугунтук бар. Ал үч багытта жүрүп жатат. Биринчиси бийликтегилер саясий каршылаштарын «бийликти басып алганы жатасыӊар, бийликке каршы күч колдондуӊар» деп жоопко тартып жатат. Буга «Элдик парламент» уюмунун мүчөлөрү менен Садыр Жапаров мисал болот. Экинчи журналисттерге каршы болуп жаткан иштер. Мисалы Нарын Айып, Чолпон Жакупова жана башка журналисттерге «президенттин ар намысына шек келтирдиӊер» деген негиз менен ири суммадагы айыптарды салып жатат. Үчүнчүсү бул көбүнчө коррупция боюнча. Анткени Кыргызстандын саясий системасы өзү коррупциялык системада түзүлүп калган. Саясатта жүргөндөрдүн көпчүлүгү кааласа-каалабаса дагы коррупцияга аралашып кеткен. Мына ушул үчүнчү бөлүк абдан ыӊгайлуу. Себеби 20-30 жыл саясатта жүргөндөрдү чукуса сөзсүз коррупциялык иштери чыгат. Бул Текебаевге дагы колдонулган. Бийлик «коррупция менен күрөшөбүз» деген жакшы ураандын астында саясий каршылаштарын камап, жазалашууда.

Марал: Сиз ошол эле Исаковдун жана Кулматовдун иштеринде саясий куугунтуктун белгилерин көрүп жатасызбы? Алардын сөздөрү канчалык жүйөлү?

Бекбосун Бөрүбашев: Саясий куугунтук деп айтыш үчүн саясий көз караш боюнча куугунтук болуш керек да. Саясий куугунтук дегенде сиз менен менин коомдун өсүшү боюнча, саясаттын өнүгүшү боюнча көз карашыбыз карама-каршы болуп калат дагы тирешүү болот. Менин оюмча буларда саясий көз караш боюнча ажырым болгон жок. Бирок ошол эле убакта мен башта айткандай бийлик «коррупция менен күрөшөбүз» деген шылтоо менен кечээ үзөӊгүлөш болуп жүргөн, бүгүн каршы чыгып жаткандарга ар кандай чараларды колдонуп коюшу мүмкүн. Башкача айтканда «Керкисинде дагы, кемтигинде дагы бар».

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...