Акыркы макалалар

Депутат билим министрлигин өз ашканасын өзү тейлөөгө чакырды

Бүгүн, 24-июнда парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында "Чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларына окуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына квота бөлүү жөнүндө" маселе каралып жаткан учурда "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Бөдөш Мамырова Билим министрлигин өз ашканасын өзү тейлөөгө чакырды.

Депутат чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларына окуу үчүн 15-17 квотаны президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратынын алдындагы билим комиссиясы аныктай тургандыгын айтып сынга алды.

"Чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларына окуу үчүн квота бөлүү үчүн кайдагы бир фонддор, элчиликтер жана президенттин алдындагы комиссия иш алып барып жатат. Ал эми билим министрлигинин кылаарга иши жок өлкөдөгү жеке жогорку окуу жайлардын маселелерин чукулап чыгууда. Өз функцияңарды аткаргыла да. Билимге кол салбай эле койгула деп айтпайсыңарбы! Жок дегенде өз ашканаңарды өзүңөр тейлебейсиңерби",- деди депутат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...