Акыркы макалалар

Парламент комитети КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун жактырды

Парламент комитети КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун жактырды

Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун угуп чыгып, аны жактырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты, аталган комитеттин мүчөсү Жанар Акаев кабарлады.

Анын айтымында, депутаттар КТРКнын Байкоочу кеңешине бир канча сын-пикирлерди айтылды. Байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев КТРКнын жетекчилигин кескин сынга алып, депутаттарды отчетту колдобоого чакырды.

Комитет Байкоочу кеңештин отчетун канааттандыруу же канааттандырбоо маселесин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгып, ошол жактан карай турган болду.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...