Акыркы макалалар

Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча жыйын өтөт

Текебаевдин ишин кайра кароо боюнча жыйын өтөт

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы бүгүн, 21-майда жыйын өткөрөт. Анда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу боюнча маселе көтөрүлөт.

Бул тууралуу аталган партиянын катчылыгынан билдиришти.

Эске салсак, аталган фракция буга чейин да Текебаевдин ишин кайра карап чыгууну өтүнүшкөн. Ал эми Кыргызстандын акыйкатчысы президентке кайрылып, «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып бошотууну суранган. Бирок Текебаев өзүнө ырайым болуусунан баш тартып, ишин кайра карап чыгууну өтүнгөн.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...