Акыркы макалалар

Жыл башынан бери 300гө жакын экcтремизм фактысы аныкталды

Жыл башынан бери 300гө жакын экcтремизм фактысы аныкталды

Кыргызстанда 2018-жылдын алгачкы төрт айында экcтремизм боюнча 284 факты аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бул фактылардын негизинде 159 кылмыш иши козголгон.

Буга чейин БУУнун маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Бишкектеги кеңсеси Кыргызстанда 2017-жылы террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарга айыпталып 191 киши соттолгонун кабарлаган. Алардын дээрлик 90% эки берене менен бирдей айыпталган. Камалгандардын 19% жалданмачылык боюнча да кине тагылган.

Соттолгондордун 89у беш жылдан он жылга чейин, 33ү 20 жылга чейин кесилген. Дагы ону 20 жылдан жогору, 14ү өмүр бою эркинен ажыратылган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...