Акыркы макалалар

“Таза коом” күйүп жатат. Нарында долбоордун кеңсесинен өрт чыкты

“Таза коом” күйүп жатат. Нарында долбоордун кеңсесинен өрт чыкты

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Терек айылындагы “Таза коом” долбоорунун кеңсесинен өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өрт тууралуу билдирүү түнкү саат 02:20лар чамасында түшкөн. Куткаруучулар окуя болгон жерге 17 мүнөттүн ичинде келишип, саат 02:54тө өрт чектөөгө алынган.

Тартылган бир бөлүмдүн жардамы менен таңкы саат 05:19да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 120 чарчы метр аянт күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...