Акыркы макалалар

Өнөрлүү балдар Индияга барабы?

Өнөрлүү балдар Индияга барабы?

Жалал-Абад шаарындагы “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларына Индиянын 6 шаарынан атайын чакыруу келген. Бирок, чыгармачыл балдар каражаттын тартыштыгынан улам ал жакка барар-барбасы азырынча белгисиз. Каражат маселесин чечүү максатында өнөрлүү балдар биринчи жолу “Балдар биздин бактыбыз” аталышындагы кайрымдуулук концертин өткөрүштү. Бирок, концерттен түшкөн каражат алардын чет жакка кийүүчү кийимдерин жаңылоого гана жетет.

Аталган борбордун башчысы Жыпара Аманкулованын айтымында, балдар өз өнөрлөрүн тартуулап, каражат топтоо менен Индиянын шаарларына кыргыздын улуттук баалуулуктарын тартуулагысы келишкен. Бул демилгени шаардыктар эле эмес, борбордон келген депутаттар да колдоого алып, акчалай салым кошушту.

Аталган борбордо тарбияланган балдар өздөрү тандап алган багытта өнөр үйрөнүшөт. Өзгөчө улуттук музыкалык аспаптарда ойногонду, ырдап-бийлегенди өздөштүрүү менен шаарда гана эмес, республикалык, эл аралык иш-чараларга активдүү катышышат. Алар чет жактарга кыргыздын улуттук өнөрүн жайылтууну, чет элдик маданиятты сиңирип, өнөр бийиктигин дагы да багындырууну самашат.

“Ариет” балдар чыгармачылык борборуна сахналык кийимдерди сатып алууда жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда жергиликтүү бийлик колдоо көрсөтүп келет. Ошентсе да шаардык бюджеттин эсебинен бардык керектөөлөрдү толук камсыз кылуу кыйын маселе.

Балдардын кайрымдуулук концерти көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбай, алар өз салымдарын кошуп кетишти. Концерттен 100 миң сомдой каражат топтолду. Келген ата-энелер, улуулар өнөрлүү балдардын аракетине ыраазы болушуп, алар үчүн дагы да жакшы шарттар түзүлүшү керек деген пикирлерин билдиришти.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарындагы “Ариет” балдар чыгармачылык борбору мындан 22 жыл мурда түзүлгөн. Буга чейин көптөгөн республикалык, эл аралык ар кандай кароо-сынактарда катышып, баш байгелерди багындырган. Эми каражат табылса, Индияга барышмакчы. Азыр аталган борбордогу 22 ийримде миңдей өспүрүмгө 23 мугалим тарбия берип келет.

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...