Акыркы макалалар

Ысык-Көл театрынын жетекчиси Абдрахманов: артисттерди айылдан чыккыча ташка алчу

Ысык-Көл театрынын жетекчиси Абдрахманов: артисттерди айылдан чыккыча ташка алчу

Гастролго барган артисттерди ташка алган айылдын балдары тууралуу уктуңуз беле? Өнөрпоз кыздарынайылдын жигиттери ала качып кетпеши үчүн кандай ыкмаларды колдонуп коргошкон? Кызык болуп жатабы?.. Анда 27 жылдан бери чыгармачылыктын ысык-суугунда жүргөн актер менен болгон маекке назар салыңыз.

Бүгүн биздин студиябызга Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшөв атындагы драма театрынын директору Курсант Абдрахманов келди. Аны менен театрдын абалы жана "Артисттин бир көргөнүн ит көрбөйт, бир көргөнүн хан көрбөйт" деген сөзгө тереңинен кирип маектештик.

— Жакында эле борбор калаага чыгармачыл топ менен келип кеттиңиздер. Алгач ошол сапар тууралуу кеп кылсак.

— 24-25-апрелде Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө, чыгармачыл интеллигенцияга Асангүл Абдыгулова жазып, Орунгүл Кожомкулова режиссерлук кылган "Калк энеси Каныкей" аттуу тарыхый драманы тартууладык. Бул спектакль 2017-жылы сахналаштырылган. Анда "Манас" эпосундагы Каныкей энебиздин акылмандыгы жана ошол доордогу аялзатынын ролу сүрөттөлөт. Көрүүчүлөргө жагып, бүткөндө бир топко чейин кетирбей кол чаап турушту. Муну менен биз максатыбызга жеттик деп айта алам. Анткени бул спектаклди башка аймакка биринчи жолу алып чыкканбыз. Жалпы жонунан 34 киши келди. Кеткен чыгымдарды Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көтөрүп берди.

— Аймактардагы театрлар жөнүндө сөз болгондо, адегенде эле мени имараттын абалы кызыктырат. Кээ бирлери оңдоодон өтүп жатса, айрымдары алиге чейин авариялык абалда.

— Учурда облустардагы маданий жайлардын абалы жакшырууда десек болот. Мисалы, Нарындын театры толугу менен оңдоодон өттү, Таласка жаңы салынды. Ал эми биздин театр 560 орунга ылайыкташтырылып, мындан 36 жыл мурда курулган. Азыркы абалы дурус эле. Бирок жарык берүү системасы менен чатырын алмаштырып алсак, дагы бир топ түйшүктөрдөн арылат элек. Буга көп каражат керектелгендиктен министрликке кат жолдоп, демөөрчүлөрдү издеп жатабыз.

— Сиздерде жылуулук системасы да башкы көйгөй деп уктум эле…

— Былтыр мурунку президент Алмазбек Атамбаев үч миллион сом бөлүп берип бул маселе толук чечилген. Өткөн кышта Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков барып чоң жыйын өткөргөн. Башталганына 20 мүнөткө жетпей жетекчини издеп жатат деп мени чакырышты. Барсам, "ысып кеттик, жылыткычтарды өчүргүлө" деди эле, ичим жылып кубанып калдым. Мурда келгендер куртка, шапке кийип отурушчу. Жаңы жылдык балатыны өткөргөндө чоң меш сайып, аны электр тогу көтөрө албай өчүп калып кыйналчубуз. "Майрамга жеңил кийинип келген окуучуларга суук өтүп калды" деп мугалимдер арызданышчу.

— Театрдын жамааты менен тааныштыра кетсеңиз?

— Бизде жалпы 142 киши эмгектенет. Чыгармачыл топто 32 адам, калгандары техникалык кызматкерлер, тейлөө жаатында жана тигүү цехинде иштегендер. Керектүү кийим-кече, буюмдардын баары тигүү цехинде тигилип, устаканабызда жасалат.

— Гастролдорго чыгып турасыздарбы?

— Мурда бир айылга барып афишаларды чаптап койсоң, кечинде эл жумушка келгендей келе берчү. Азыр кыйын, адегенде эле автоунаа, каражат маселесине такаласың. Андан сырткары, алдын ала барып облус жетекчилери менен сүйлөшүп бүт шарттарын даярдап коюшуң керек. Ошондо да зал толо эл келиши күмөн. Акыркы жолу Таласка барганда ал жактагы кесиптештерибиз, облус жетекчиси, район акимдери аябай жакшы кабыл алып, мыкты деңгээлде уюштуруп беришти. Эл да көп болуп улгайган апалар таяктарын таянып, аталар сакалын сылап келип жатканын көргөндө союздагы гастролдор эсиме түштү. Бири-бирибизге ушинтип эле көңүл буруп, ишибиз алдыга жыла берсе экен.

— Эми кептин нугун жеке өзүңүз жакка бурсак. Эмгек жолуңуз каяктан башталган?

— Санкт-Петербург шаарында Черкасов атындагы театр жана кинематография институтунан билим алгам. Ысык-Көлдүн кулуну болгондуктан дароо эле өзүбүз жактагы театрга келип, 27 жылдан бери эмгектенип жүрөм. Театрдан сырткары жергиликтүү телеканалдарда жана концерттерде алып баруучулукту аркалайм. Караколдо Ыбырай Туманов атындагы музыкалык окуу жайдын мугалимимин.

— Үй-бүлө колдобосо чыгармачылыкты алдыга жылдыруу кыйынга турат эмеспи…

— Жубайым да актриса, театрда чогуу иштейбиз. Экөөбүз 1991-жылы мен институттан келгенден кийин баш кошконбуз. Бир уул, бир кызыбыз бар. Кызым эл аралык байланыштар адистигин бүтүп, Бишкекте котормочу болуп жана тил үйрөтүү курсунда иштейт. Ал эми уулум журналистика тармагы боюнча билим алууда.

— Демек, театр өмүрлүк жарыңыз менен табыштырган экен да…

— Ооба. Экөөбүз кошо кирип-чыгып иштеп жүрдүк. Алгач Дүйшө Сариевдин Үркүнгө байланыштуу "Кайран эл" деген спектаклинде сүйүшкөн кыз-жигиттин ролун аткардык. Ошол ролду ойногондон кийин жакындашып, жылуу мамиле түзүлүп, анан көпкө созуктурбай эле үйлөнүп алганбыз.

— Гастролдоп жүргөндө кызыктуу окуялар көп болсо керек…

— Муну жапайычылык дейбизби, билбейм… Союз учурунда артисттер концерт коюп кетип бара жатканда айылдын балдары автобусту ташка алуу адатка айланып кеткен. Мындай көрүнүшкө бир нече айылдарга барганда туш болдук. Анан айылдан чыгып жатканда кыздарды автобуска отургузуп, жарыгын өчүрүп алып эркектер унааны тегеринип жөө басабыз. Таш атканда эле кыйкырып аларды кубалайбыз. Автобустун терезеси күбүлүп, аны баштык менен тосуп алып жүргөн учурлар болгон. Өзүбүздү ойлобой эле, автобусту коргоп калалы дечү экенбиз. Эмне үчүн мындай кылышчу, азыркыга чейин түшүнбөйм.

Бир жолу мас киши бир-эки баланы ээрчитип келип киргизип коюуну суранды. Айылда баарынын эле акчасы жок деп түшүнүп киргизип койсок, ал кайра-кайра алып келе берип 10дон ашып кетти. Көрсө, ал балдардын билетке деген акчасын өзүнө кымтып жатыптыр. Кийинки келгендерин киргизбей койсок, чырдап чоң жаңжал чыгарган. Эртеси аларды милиция кармап, иши сотко өткөн.

Кээде клубдун жетекчилери, район акимдери баш болуп дасторконун кенен жайып, коюн союп сыйлашчу. Дагы бир эсимде калганы, Тоңдун Ак-Сай деген айылына барсак бир жигиттин Фарида аттуу келинчегинин туулган күнү экен. Ал залдан кыйкырып аны куттуктап ырдап коюуну суранды. Ага арнап бир ырчыбыз "Фаридам" деген ырды эки-үч ирет кайталып ырдап, элдин баарын жыргатты. Концерт бүткөндөн кийин жанагы жигит "кетпей тургула" деп үйүнө чуркап кетти. Бир маалда эле койдун төрт бутун байлап, мойнуна көтөрүп келип берсе болобу. Анысын Караколго алып келип куурдак кылып жегенбиз. Ошондон калган да "Артисттин бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт" деген сөз.

— Бала чакта айылга барган артисттер башкача көрүнүп, суктанып карачубуз. Гастроль учурунда кыздарыңыздарды ала качып кеткен учур болгон эмеспи?

— Концерттен кийин зыңкыйган жигиттер келип кыздар менен таанышып, дарегин сурап сүйлөшүп калышат. Кээ бирлери үйүнө чакырып же тамагын алып келип сыйлайт. Ошол кыздарды коргоп калыш керек болот да, алардын алдын тороп "келгиле, эми мен буларды тааныштырып коёюн, бул тигинин күйөөсү, ал мунун аялы" деп кесиптештеримди бири-бирине байлап койчумун. Кыздар "жакшы ыкма таап алдыңыз" деп күлүп рахматын айтаар эле.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...