Акыркы макалалар

ӨКМ: Эки тик учак сатып алуу пландаган

ӨКМ: Эки тик учак сатып алуу пландаган

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чакан тик учактарды сатып алат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айрым учурдагы өзгөчө кырдаалдарда коңшу өлкөлөрдүн техникасына муктаждык жаралып келген, министрлик ушул маселени чечүү максатында 2 тик учак сатып алууну пландоодо.

Үч жыл мурун аталган министрлик Чычкан капчыгайы өрттөнгөндө Казакстандын тик учактарын чакыртууга мажбур болгон. Ошондуктан бул мекеме маселени чечүү үчүн 2019-жылы 2 чакан тик учак сатып алууну пландоодо. Бул эки учактын алдына ала болжолдуу баасы 10 миллион долларды түзөт.

Ошондой эле мекеменин өкүлүнүн билдиришинче учурда тик учак сатып алууга каражат булагын табуу иштери жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...