Акыркы макалалар

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кийилүүчү формага сынак уланууда

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кийилүүчү формага сынак уланууда

Кыргызстандын курамасы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу бөлүгүнө кийип чыга турган форманын дизайнына жарыяланган сынак келерки жума аяктайт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Талап боюнча комплектиге баш жана сырткы кийим, эркектер үчүн шым, айымдарга көйнөк болушу абзел. Мунун баары улуттук колоритте тигилип, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эн белгиси тагылышы керек.

Дизайнерлер өз эмгектерин электрондук, кагазга түшүрүлгөн вариантта же тигилген кийимдин өзүн алып келиши керек. Дагы бир шарт — форманын бир комплектине канча каражат кетери так көрсөтүлүшү кажет.

Эмгектер 22-майга чейин мамагенттиктин имаратында кабыл алынат. Жеңүүчү 50 миң сом сыйлыкка ээ болот.

Дареги: Бишкек, Тоголок Молдо көчөсү, 17. Электрондук дарек rsrnvs_kg@mail.ru. Байланыш телефону: 0312 32 53 14.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...