Акыркы макалалар

Ысык-Кѳлдѳгү өспүрүмдүн ѳлүмү шек жаратты

Ысык-Кѳлдѳгү өспүрүмдүн ѳлүмү шек жаратты

Ысык-Кѳл районунда жашы жете элек балдар арасында пикир келишпестик орун алып, мушташ болгон. Анда ѳспүрүмдѳрдүн бири кѳз жумса, экинчиси камакка алынган. Бирок, жабырлануучу менен шектүү тарап ѳлүмгѳ башкалардын да катыштыгы бар экенин айтууда.

Чолпон-Ата шаарындагы 17 жашар ѳспүрүмдѳрдүн ортосундагы мушташ боюнча милиция кызматкерлери териштирүү иштерин улантууда. Бирок, жалгыз баласын жерге берген Бактуу-Долоноту айылынын тургуну Каныбек Абдиев бул иш аягына чейин иликтенип, кылмышка тиешелүү жарандар толугу менен жазасын алсын деген ѳтүнүчүн билдирет:

—Бул иш боюнча баарын баштап, күнөѳнү мойнуна алган Алимжан соттолсун. Андан сырткары Нива унаасы менен келгендер да аныкталып, ким күнѳѳлүү болсо камалып, жазасын алсын. Алар чоӊ балдар болгондон кийин тегеректе жалгыз калып калган баланы ошо бойдон ѳлтүрүп салбаш керек эле да. Ѳлтүргѳнгѳ ким катышса ошонун баарын камасын, баарын соттосун. Бирѳѳнү мойнуна алдырып коюп, беркилери эркиндикте жүрѳт.

Анткени кылмышка шектүү делген Кара-Ой айылындагы мектеп бүтүрүүчүсү тергѳѳ учурунда күнѳѳлүү экендигин айтып кѳрсѳтмѳ берген. Бирок, мушташка күбѳ болгондордун пикири боюнча бул иштин аркасында ошол кезде нива унаасы менен келген улуу балдар да болуусу мүмкүн. Азыркы тапта укук коргоо органдары эмнегедир, алардан сурак алып, камакка албаганы жабырлануучу тарапты ойлондурууда. Себеби, шектүү делген ѳспүрүм күнѳѳнү жалгыз мойнуна алуусу күмѳн ой жаратарын маркумдун эжеси Роза Абдиева белгиледи:

—Сѳздүн кыскасы Нива менен келген чоӊ балдар табылбай жатат. Укук коргоо органдары ушуну таап, далилдеп берсе бизге жакшы болмок. Берки бала болсо мен ѳлтүргѳм деп күнѳѳнү жалгыз мойнуна алууда. Же аны коркутуп коюшканбы? Бизге акыйкаттык болуш үчүн унаадагы балдар табылып, ѳздѳрүнүн жазасын алышса. Биз да моюн сунуп күтүп жатабыз. Соттук медициналык экспертиза да чыга элек, ошону да күтүүгѳ туура келип жатат.

Ал арада шектүү тараптын жакындары да балсынын ак экендигин айтып, чындыкты издешүүдѳ. Себеби, шектүү делген мектеп бүтүрүүчүсү тентек балдардын катарында эмес болчу. Ошол эле учурда маркумдун ата-энесинин күйүтүн да түшүнүү менен кабыл аларын Жайнагүл Жээнбекова айтып берди:

—Органдын кишилери эч кандай иликтѳѳ жүргүзбѳй туруп эле «Ѳлтүрдүм деп айтып жатат», ѳлтүрдү деп эле кетирип жиберген. Эч ким, эч нерсе түшүндүргѳн эмес. Түшүнүк кат жаздырып, ѳлтүрдүм деген жерге биз жокто кол койдуруп, жаздырып алышкан. Аны кантип жаздырганын мен билбейм. Кѳз жумган баланын ата-энесин да ушунчалык түшүнүп турам. Алар да баласы кандай болуп ѳлдү, эмне себептен, кантип ѳлтүрүп коюшту деп билгиси келет да. Ошол эле учурда мен да билгим келет, ушул суроо мени күнү түнү жеп келет.

Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери ишти дыкат карап, иликтѳѳ үчүн атайын убакыт керек экенигин билдиришкен. Эми кандай болгон күндѳ дагы кылмыш ишинин бети мыйзам чегинде чечиле тургандыгын облустук милициянын башчысынын орун басары Эрлан Атантаев айтып берди:

-Акыркы жаш баланын ѳмүрүн алган окуя боюнча ѳздүк кызмат иликтѳѳ иштерин жүргүзүп жатат. Күнѳөлүүлѳр ѳз жазасын алат. Биз дагы эл үчүн, эл менен чогуу кызмат кылабыз. Эч качан мыйзамды бузуп, тигил же бул тарап деп бѳлбѳйбүз. Бизге мыйзам биринчи кезекте турат, деди ал.

Эске салсак, бул каргашалуу окуя Чолпон-Ата шаарында 30-апрелге караган түнү катталган. Анда кыз талашуу себеби менен өспүрүм балдар арасында пикир келишпестиктер орун алган. Жыйынтыгында 17 жаштагы Кара-Ой жана Бактуу-Долоноту айылдарынын эки тургуну мушташып, бири кѳз жумса, экинчиси камакка алынган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...