Акыркы макалалар

Жаңгак токойлоруна кыянаттык кылып, кол жууп калбайлы!

Жаңгак токойлоруна кыянаттык кылып, кол жууп калбайлы!

ЖАҢГАК ТОКОЙЛОРУ ЭЛГЕ ҮЛҮШКӨ БЕРИЛИП КЕТКЕН

Акыркы жылдары жаңгак-мөмө токойлору жергиликтүү тургундарга үлүш катары бөлүнүп берилип, бардык эле жергиликтүү калк токойдун келечегин сактоого камкордук көрбөйт. Учурда Кыргызстандын түштүгүндөгү токойдун 60% ы жоголуу алдында турат. Эгерде учурдагыдай элдин кайдыгер мамилеси уланса берсе, элүү жылдын ичинде жаңгак- мөмө токойлорунан кол жууп калуу коркунучу бар.

Кыргызстандагы керемет жерлеринин бири— түштүктөгү Арсланбап, Кызыл-Үңкүр жана Дашман жаңгак-мөмө токойлору

Окумуштуулар табигый жол менен жаралган жаңгактын жаралуу доору миллион жылдар илгери болгонун далилдеп келүүдө. Жаңгак— эң көп жыл жашаган дарак. Жакшы багылып, адамзаттын жана табигаттын залакасы тийбесе, ал 1000 жыл бою өсө берет.

Бирок, акыркы жылдары жаңгак-мөмө токойлору жергиликтүү тургундарга үлүш катары бөлүнүп берилип, бардык эле жергиликтүү калк токойдун келечегин сактоого камкордук көрбөйт. Учурда түштүктөгү токойдун 60% ы жоголуу алдында турат. Эгерде учурдагыдай элдин кайдыгер мамилеси уланса берсе, элүү жылдын ичинде жаңгак- мөмө токойлорунан кол жууп калуу коркунучу бар.

ЖАҢГАК ТОКОЮ ТАБИГЫЙ ЖОЛ МЕНЕН КӨБӨЙБӨЙ КАЛГАН

Учурда табигатка терс таасир эткен факторлор:

• Жаңгак-мөмө токойлору табигый жол менен көбөйбөй калган. Анткени адамдар бардык түшүмдү жерге калтырбай терип алгандыктан, жаңы көчөттөр дээрлик чыкпай калган.

• А эгер табигый жол менен көчөт өсүп келе жатса, анын токойго жайылган мал тебелеп, жеп салуу менен зыян келтирүүдө.

• Табыгый азык калбай, айбанаттар азайып, экосистема чынжыры үзүлүп, жер кыртышы да жабырланууда

• Жаңгак-мөмө токойлорунун табигый жол менен көбөйбөй калышы адырлардын, тоолордун жылаңачтанып, селге, тоо көчкүгө айлануу коркунучуна алып келүүдө.

ЖАҢГАК ТОКОЮ—ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ КЫСКАРТАТ

Төрт жылдан бери “Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңгак мөмө токойлорун жана жайыттарды башкарууга жамааттарды катыштыруу аркылуу жакырчылыкты кыскартуу» долбоору аркылуу элдин көз карашын өзгөртүүгө аракеттер жасалып, Базар-Коргон районундагы жыйырмадан ашык мектептерде окуучуларга атайын окуу уюштурулуп келет.

Кыргызстандагы Германия кызматташтыгы менен «Лесик-Юг» экологиялык уюму окуучулар каникулга тарар алдында алар менен жаңгак мөмө токойлорунда экскурсия уюштуруп, табигатты таанып, андан пайда да таап, ошол эле учурда ага аяр мамиле жасап, келечекке мурас калтырууну үйрөтүштү.

Базар-Коргон районуна караштуу Арсланбап айыл өкмөтүнө караштуу Гумхана айылындагы Адиш Тагаев атындагы №18 мектептин 10 -классынын окуучулары мектептин жанындагы жаңгак-мөмө токоюнда уюштурулган атайын лекцияга катышты.

Китепте жазылган теориялык билимин окуучулар чыгармачылык менен адистерге айтышып, атайын сабакка жакшы даярданып келгенин көрсөтүштү. Бирок, алар үчүн китепке караганда аталган экологиялык уюмдун геоботаник адиси Закирхожа Сарымсаковдун айтып берген маалыматтары кызыктуу болду.

Көрсө, өздөрү аралап жашаган Арсланбап жаңгак-мөмө токоюнда үч миңден ашык өсүмдүк түрлөрү, бир нече айбанаттар жашаарын укканда окуучулар таң калуусун жашырган жок.

“Тилекке каршы өсүмдүктөр, айбанаттар жылдан-жылга азайып, жок болуп кетүүдө” деп сөзүн улады адис.

Учурда Арсланбап токоюн аралаганда жапайы түлкү, каман жана эликти кезиктирүү мүмкүн болбой калды. Табигаттагы ар бир өсүмдүк жана айбанаттар менен кошо жаратылыш чынжыры үзүлүп, ал экологияга кедергисин тийгизип жатканын белгиледи З. Сарымсаков.

Ошондуктан окуучуларга табигаттан пайда табуу менен катар, ага залал келтирбей, аяр мамиле жасоо үчүн кандай кадамдарды жасоо керек экенин сунуштады.

• Күзүндө жаңгактын түшүмүн жыйнаган маалда эң чоң жаңгактарды базарга сатып салууга ашыкпастан, аны байлыкты берген токойго көчөт кылып калтыруу үчүн караган, долононун арасына таяк менен жерди чукуп көөмп кетүүгө;

• Жаңгактын жаш көчөттөрүн тегерете коруп, курчап коюуга;

• Токойдогу ар бир жандыкты сактоого, кумурсканын уясын көрсө да аны бузбай, курчап, малдын тебелөөсүнөн коргоого чакырды.

«Лесик-Юг» уюмунун жетекчиси Шерикбай Шайымкулов Кыргызстанда токой аянты 6 гана пайызды түзөөрүн айтты. Аны 7% га жеткирүү келечектеги ар бир жарандын, айрыкча, жаңгак-мөмө токоюнда жанаша жашаган жергиликтүү тургундардын да максаты болушу керектигин түшүндүрдү.

Окуучулар токойдогу өсүмдүктөрдү чогултуп, алардын аталышын, пайдалуулугун жана экосистемадагы канчанчы баскычта турарын өздөрү аныкташып, айлана-чөйрөгө байкоо менен кароо кызыктуу экенин билишти.

Камила Ибрахим кызы менен Шайырбү Исмаил кызы жаңгактар орто эсепте 700 жыл жашаарын, Арсланбаптын токойлору мурда океан каптаган суу болгонун угуп, азыр да токойдогу көлдөрдө миллион жыл мурдагы жаңгактын уругу касиетин жоготпой сакталып жатканын укканда табигатта дагы кызыктуу тарых катылганына таң калышты.

Чынара Абдумиталипова ушундай окууларды уюштургандар GIZ долбоорунун менеджери Эдит Кошкин менен долбоордун жооптуу кызматкери Симон Шарреге ыраазычылык айтуу менен мындай иш-чара алар үчүн пайдалуу болду деп белгиледи. Эми ал жаңгак-мөмө токоюна түшүм тергени чыкканда Арсланбаптагы күчтүү деп аталган 18 дарактын түшүмүн терип, андан көчөт өстүрүүгө кызыгып калганын айтты.

АТА-БАБАЛАРЫБЫЗ ЖАҢГАКТЫН ЧОҢУН ЖЕРГЕ КӨӨМП КОЮШЧУ

Атагы алыска кеткен кыргыз жаңгактарын келечекке мурас калтыруу— ар бир адамдын милдети. Биздин ата-бабаларыбыз жаңгак токойлорун жер ооштуруп, көчмөн турмушта жашагандыктан жакшы сакталып, малдын туягы менен катар эл дагы токойдон алганына ыраазы болуп, токойдун дагы энчисин калтырып жашаган.

Ал тургай, кагырап чөл болуп турган жерге суунун нугун салып, жакшы жаңгактын мөмөсүн куржунга салып алып, аса таяктары менен жерди чукуп тигишип, Дашман жерин жаңгак-мөмөлүү токойго айланткан.

Ал эми “Жаңгак” деген сөз “жанга ак азык” деген сөздөн куралгандыктан, ага кыянаттык кылбайлы.

Учурда биз, бир кезекте көчөтүн тиккен ата-бабалардын эмгегин же жаратылыштын табигый жол менен көбөйгөн жаңгактарын жеп жатабыз. Ал эми бизден кийинки муунду какыраган чөлдө эмес, ажайып жаңгак токоюнда калтырууну кааласак, анда ар бирибиз чырпык тигип, чынар кылууга аракетенишибиз зарыл.

Гүлмира Уметалиева, Арсланбап жаңгак –мөмө токоюнан.

Түп нускага шилтеме : pk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...