Акыркы макалалар

Ысык-Көлдөгү “кара вампир”, ал эмне жырткыч болду экен?

Ысык-Көлдөгү “кара вампир”, ал эмне жырткыч болду экен?

Сүрөттө: Жети-Өгүз районунун тургундарын чочулаткан белгисиз жаныбардын өлүгү...

21-апрелде Жети-Өгүз районунда Караколдон үйүнө кайтып келаткан Капарбек уулу Азимбек жолдо белгисиз жаныбарды сүзүп алган, бул жандык коңшу кытайлардын Синьцзянынан тоолор аркылуу өтүп келиши мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Башында айдоочу итти сүзүп алдым го деп ойлогон, бирок жакшылап карагандан соң катуу таңгалган. Түгү жок кара коркунчутуу жандыктын башында бир кызык үрпөгү бар эле, куйругу чагарак болчу – бул эмне жаныбар экендиги азыркыга чейин тактала элек.

Дароо эле көлдүн түштүк-чыгышында малдын канын ичип, аларды өлтүргөн чупакабра, сырдуу вампир пайда болуптур деген ушак-айың кептер тарай баштады. Бул кезектеги чупакабра эле. Анткени буга чейин Кыргызстандын аймагында ушуга окшош бир нече окуя болгон...

КОРКУНУЧТУУ АЗУУЛАР

Бишкектин кинологдору Жети-Өгүздүн тургундарын чочулаткан жандык кадимки эле... ит экенин айтып чыгышты. Алардын пикиринде бул же ксолоитцкуинтли (кыскартылып айтылганы – шоло, ал мексикалык түксүз ит деп да аталат), же кытайлык үрпөкчөн ит.

Бирок бул сөздөргө ишенүү өтө оор – буга окшош кымбат баалуу жана өтө эле назик ит тукумдарын Бишкекте да кармагандар аз болушу керек, айыл шартында такыр мүмкүн эмес! Анан да айыл жеринде үй, короо-жайды кайтарганга түктүү бөрүбасарлар, кой кайтарган чоң иттер жана да коркунчтуу азуулары бар жаалдуу иттер керек эмеспи, кооздугу үчүн гана багылып өстүрүлгөн назик, түгү жок иттин айылда кимге кереги бар? Анан, Ысык-Көлдө машина сүзүп кеткен жаныбар тартылган сүрөттөргө жана видеого көңүл бурсак, кытайлык үрпөкчөн иттин бою кичирээк болуп калаарын, жана да шоло да ага көп окшошпой турганын байкайбыз.

Малдын өлүмүн шылтоолоюн десең бизде кызыл китепке киргизилген буанзу карышкырлары да, жалдуу карышкырлар да, койоттор да, гиенасымал иттер да жок.

Корсак, же талаа түлкүсү башка кеп. Ал кичинекей болгону менен, өтө шамдагай. Көзү курч, жытты жакшы алат, жакшы угат, курч тиштери бар. Жалгыз, адатынча иңирде, аңчылык кылганды жактырат, койго алы жетпегени менен (ал негизинен майда кемиргичтерди жейт, кээде гана суурларга, коёндорго кол салат), тоокторду жеңил эле өлтүрүп коёт. Бирок да ал кан ичпейт, дароо эле жаныбарды жарып жей баштайт.

Чекалка деп аталган азия чөөсүнөн да шектенсек болот. Анын да бою анчалык деле чоң болбогону менен, жаман соргок келет, тарпты да жегенден баш тартпайт. Күчүнө, алгырлыгына жана куулугуна таянып, караңгыда кол салганды жакшы көрөт. Анын шамдагайлыгын мындан көр, жаңыдан уча баштаган кушту секирип барып моюндан алалат. Тооканаларга, кампаларга бул чөө түлкүлөрдөн да көбүрөөк кол салат! Ал укмуш сак болот, ага караганда карышкырды кармаган жеңилирээк.

Анын укмуш сугалактыгын жана тайманбастыгын төмөнкү мисалдан көрсөк болот. 2016-жылдын сентябрында ачка чөөлөрдүн тобу Ош областынын Кара-Суу районундагы Мамажан айылынын тургундарынын айласын кетирген. Жаңы мүрзөлөрдү казып, өлүктөрдү жеп, алардын сөөктөрүн жакын жердеги аймакка чачып салышкан! Бир кишини кууп келип бутунан тиштеп алышкан. Айыл тургундары ушунчалык чочуп калышкандыктан, кечинде көчөгө чыккандан, балдарын мектепке жибергенден коркушат эле.

Жыйынтыгында, Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Тиллабаев айтып бергендей, бийлик жергиликтүү мергенчи А.Жаныбаевге кайрылып, атып өлтүрүлгөн ар-бир чөө үчүн 1500 сомдон убадалаган. Тажрыйбалуу мергенчи кыска убакыттын ичинде 14 адам жегичти атып өлтүргөн.

“Чөөнү табуу өтө оор. Алар өтө куу жана сак жаныбар болушат, жана да бат көбөйүшөт. Алар негизинен камыштардын арасында, арыктарда, айдоо жерлерде жашынышат. Ар-бир жырткычтын орточо салмагы 12 килограммды түздү”, - дейт мергенчи.

ЧУПАКАБРАГА БАЙЛАНЫШТУУ 5 ТАҢГАЛЫЧТУУ ОКУЯ

Чупакабранын таңгалычтуу кебетеси тууралуу сөз кыла турган болсок. Айрым кыргызстандык энтузиасттардын пикиринде, гибридизациянын, аргындашуунун, генетикалык мутациянын же ар-түрдүү коркунучтуу оорулардын, мисалы кутурманын айынан түгү түшүп, кейпилери өзгөрүп калган ошол эле түлкүлөр менен чөөлөрдү эл белгисиз бир жаныбар катары кабылдашы мүмкүн.

Мына ушундан ар-түрдүү ушак-айыңдар жаралууда. Бир нече окуяны эстей кетели.

2013-жылдын майы. Чүй областынын Раздольное айылы. Айылдыктардын айтымында, аларда жүздөн ашык кой, тооктор өлгөн, чупакабра түнү кол салгандан кийин жандыктардын кансыз денелерин таап жатышты. Областык ИИББ 9 кол салуу фактысы тууралуу маалымат берген.

- Бул эмне жаныбар экенин, билбейбиз, - деген Сокулук районунун Ветеринария департаментинин кызматкери Карыбай Үмөталиев. – Бирок бул карышкыр же ит эмес экенин так айта алабыз. Мунун чупакабра кылышы мүмкүн деген сөздөр болууда, бирок биз үчүн бул дагы эле табышмак бойдон калууда. Биз эмне кылаарыбызды билбейбиз.

Мунун баарын чоңдугу жана каардуулугу менен сүлөөсүнгө окшошуп кеткен камыш же талаа мышыгы кылышы мүмкүн деген шек жаралган.

2014-жылдын апрели. Жети-Өгүз районундагы Саруу айылы. Белгисиз жырткыч короодогу койду өлтүрө баштаган. Айыл тургуну Төлөгөн Токтоналиевдин айтымында малдын эч бир жеринде жарааттар жок эле, бир гана моюндарында матырылган тиштин изи калган. “Биз аларды сойгондо, аларда кан калбай калганын көрдүк. Бир түн ичинде биз 6-7 койдон жоготуп жатабыз. Биз Интернетке бул эмнеге окшош жырткыч болушу мүмкүн экен деп кирип издеп, чупакабра тууралуу маалыматтарды алдык. Чет мамлекеттерде да биздикине окшош окуялар болгон экен”, - деп Токтоналиев ветеринарларды ишендиргиси келген. Бирок акыркылар мунун баарын жолбун ит жасаган деген ойдо болушкан, бул итти алар жок кылдык деп ишендиришкен.

2014-жылдын июну. Нарын областынын Кочкор айылы. Бул белгисиз жырткычка байланыштуу эң чуулгандуу окуя болушу мүмкүн. Ошондо кыска убакыттын ичинде белгисиз жаныбар Кочкор районунда 39 кой-эчкини, 39 тоокту жана 12 коёнду өлтүргөнү жетишкен, алардын ар-биринин моюнунда тиштин изи калып, бардыгында кан жок болгон.

Ансыз да бай деп эсептелбеген нарындыктар, малсыз калып, айгай салышкан. Белгисиз жырткыч балдарга да кол сала баштайбы деп чочулашкан.

Бул кырсыктар чын эле болуп жатканын көрүп, белгисиз жырткыч айылдыктардын мүлкүнө жана өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын байкаган Өкмөттүн Нарын областы боюнча өкүлү Аманбай Кайыпов жана областтык ИИБдин жетекчиси Нарынбек Молдоисаев 14 июнда жабыр тарткан айылдыктар менен жолугуп, түнкү жырткычка тузактарды коюуга чакырган. Жырткычты алдаш үчүн капканга кан куюшкан. Тузактардын жанына тоокторду, ал эмес уйду да байлап коюшкан.

Ал эми эки күндөн кийин жергиликтүү бийлик мурун болуп көрбөгөн кадамга барды – Кочкор районунда чупакабраны таап, аны жок кылуу боюнча кадимки штаб түзүлгөн! Белгисиз жырткычты Мамветинспекция ушинтип атаган, анын директору Самир Осмоналиев билдиргендей, чупкабараны издөөгө ӨКМ, милиция, мергенчилик инспекциянын кызматкерлери жана ветеринарлар тартылган.

Эл арасындагы дүрбөлөңгө байланыштуу тынчсыздануусун ал эмес азыркы спикер, ал кезде ЖКнын катардагы депутаты Дастан Жумабеков да билдирген. Ал чупакабраны издеп, жок кылуу иштерине... куралчан аскерлерди! тартууну сунуштаган болчу.

ЖМКлар болсо колго эч кармалбаган жырткыч бейитте жашайт, аны кармаган адамга 5000 сом сыйлык каралган деп билдиришкен.

Окуя 24-июнда соңуна чыкты, бул күнү Мамветфитсанинспекциянын Малдын жугуштуу ылаңдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Мурат Абдыраев бүт республиканы дүрбөлөңгө салган чупакабра бул кадимки эле... ит экендигин айткан. Бул окуяга байланыштуу мергенчилер атып өлтүргөн 156 жолбун иттин биринин ашказанынан койдун сөөктөрү табылган. Ушундан кийин кол салуулар тып токтоп, ызы-чуу өзү менен өзү эле басылып калган...

2015-жылдын апрели. Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылы. Мал ээлери эмне кылаарын билбей турушат, белгисиз жырткыч малды кырып жатат. Фермердин биринин сөзү боюнча, эртең менен короодо өлтүрүлгөн койлорду таап жаткандарына бир нече күн болуп калды. “Алгач канын соруп алышыптыр, малдын баштарында эки тешикти тапса болот, андан кийин буттарынын ылдый жагын жана жаагын жешиптир. Эми капкан коюп, мал короону кайтаралы деп жатабыз. Биз арыз жазбасак да милиция кызматкерлери келип, бардыгын каттап, малдын өлүктөрүн экспертизага өзүлөрү менен алып кетишти. Баарынан кызыгы малдын өлүктөрү бат эле бузула баштаган, мурда мындай болчу эмес”, - деген малчы.

2016-жылдын сентябры. Баткен районундагы Кызыл-Бел айылы. Чупакабра өлкөнүн түштүгүндө элди дүрбөлөңгө салууда. Айыл башчы Намаз Рустамов айткандай, жырткыч бир нече жума катары менен тоодон түшүп келип, малга тийип турган, ал эмес уйларга да кол салган. Көп өтпөй бир мергенчи аны бадалдын арасынан көрүп калып, атып өлтүргөн. Чупакабра деген нерсе итке окшош жандык болуп чыкты, бирок ал эмне экени такталбай калды...

Азиз Карашев

Фото WWW.

Түп нускага шилтеме : nlkg.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...