Акыркы макалалар

Бажы кызматынын бирдиктүү маалымат системасына чабуул коюлду

Бажы кызматынын бирдиктүү маалымат системасына чабуул коюлду

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын автоматташтырылган бирдиктүү маалымат системасына белгисиз бирөөлөр мыйзамсыз кирип, транзиттик жана экспорттук документтерди чек арадан "өттү" деп жаап салганы аныкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Акылбек Жумабеков кабарлады.

Анын айтымында, Европа Биримдигинен Кыргызстан аркылуу Тажикстанга кирүүчү товарлардын документтери бирдиктүү базадан белгисиз бирөөлөр тарабынан "экспорттолду" деп өзгөртүлгөнү менен ал товарлардын кайда экени белгисиз.

Акылбек Жумабеков бул фактыны кибер кылмыш катары баалап, 2017-жылда жана 2018-жылдын төрт айында ушундай 11 факты боюнча документтер тиешелүү тергөө органдарына өткөрүлгөнүн айтты.

- Мындай кылмыштын натыйжасында баштапкы божомолдордун негизинде Кыргыз Республикасы 8,5 миллион сомдук зыян тарткан. Бирок бул сан тергөөнүн жүрүшү менен дагы өзгөрүлүшү мүмкүн, - деген Акылбек Жумабеков "мындай мыйзамсыз иш-аракетке Мамлекеттик бажы кызматынын өз кызматкерлери барышы мүмкүн" деген божомолду да четке какпайт.

Учурда бул факты боюнча материалдардын баары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...