Акыркы макалалар

17-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

17-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

17-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,

Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,

Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 17...22,

Нарын облусунда түнкүсүн 3...9, күндүз 14...19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3...9, күндүз 14...19,

Эртең Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 21…23 градус болот.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...