Акыркы макалалар

Албек Ибраимов: "Нарын" ресторанынын ордуна парк курулат

Албек Ибраимов: "Нарын" ресторанынын ордуна парк курулат

Буга чейин ресторандын ордуна 20 кабаттуу мейманкана курулары айтылган болчу.

Түрттүрүлгөн "Нарын" ресторанынын ордуна 20 кабаттуу мейманкана эмес, сквер курулмай болду. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибрамов Октябрь районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мэрия 2016-жылы "Нарын" рестораны архитектуралык эстелик катары макамын жоготкондугу боюнча токтом чыгарган. Андан кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги да аны түрттүрүүгө уруксат берген. Ал убакта "Бишкек башкы архитектура" ишканасы ал жерге "Хуалинь" деп аталган 20 кабаттуу мейманкана куруларын билдирген. Имараттын бийиктиги 90 метрге жетмек.

“Инвестор көп каражат коротконуна карабай, курулуш иштерин баштоого уруксат бербей койдум. Мен аларга аталган жерге мекеме курууга болбой турганын айттым. Эми анын орду сквер болот”, — деди мэр.

Ошондой эле ал мейманкана куруу үчүн инвесторлорго башка жер тилкесин тандоо сунушталганын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...