Акыркы макалалар

Токбаева: Сотторду дайындоо тууралуу ченемдин алынышы жаңылыштык болгон

Токбаева: Сотторду дайындоо тууралуу ченемдин алынышы жаңылыштык болгон

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети 15-майда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын 2017-жылдагы иштер тууралуу маалыматын укту.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Токбаева депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып учурда тажрыйбасыз судьялар тармакка кедергисин тийгизип жатканын белгиледи:

- “Беш жылдык тажрыйбасы бар соттор кызматка дайындалат” деген мурунку ченемдин алынып салынышы чоң жаңылыштык болгон, - деген Айнаш Токбаева тармакты коррупцияга аралашкан судьялардан тазаланыш керек деген пикирлерди толугу менен колдой турганын айтты. Ошондой эле коррупция менен күрөшүү укук коргоо органдарынын милдети экенин, алар ар бир факты боюнча иш алып барышы зарылдыгын кошумчалады.

Жогорку сот төрайымынын маалыматына караганда, учурда сот тармагында заманбап технологиялар колдонулуп жатат. Облустук сотторго видео байланыш жабдыктары орнотулуп, онлайн режимде жергиликтүү соттордун судьялары менен пайда болгон маселелер талкууланып турат. Мындан тышкары Жогорку сот тарабынан жергиликтүү соттордун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапаты менен натыйжалуулугун баалоо усулу иштелип чыккан. Ага ылайык, каралган иштердин сапаты жана алардын мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралуусу квартал сайын бааланат.

Комитет жыйынында депутаттар соттордун иши, тармактагы коррупция дале бардыгын айтып, сынга алышты. Жыйынтыгында Жогорку соттун 2017-жылдагы иши боюнча маалыматын эске алуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Жогорку соттун маалыматы жакында жалпы сессияда талкууланмай болду.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...