Акыркы макалалар

Кытай ЖЭБге бөлгөн акча Кыргызстанга түшкөн эмес

Кытай ЖЭБге бөлгөн акча Кыргызстанга түшкөн эмес

Кытай Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого бөлгөн акча Кыргызстанга келген эмес. Бул тууралуу бүгүн парламентте айтылды.

Депутат Дастан Бекешовдун суроосуна жооп берип жатып каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков:

- Келишимде “Эксимбанк” өзү эсеп ачат деп жазылган. Кыргызстандагы банктарда биздин каржы министрлигине эсеп ачылган эмес, - деди.

Ошону менен катар ал мындай тажрыйба башка жерлерде деле бар экенин айтып, “Мисалы, Дүйнөлүк банк деле каражатты түзмө-түз куруучунун же консультанттын эсебине которушу мүмкүн” деп кошумчалады.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү сессиясында Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат.

Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алууну караган макулдашуу парламентте 2013-жылы 11-сентябрда бекитилген. Ишти аткаруучу катары кытайлык ТBЕА компаниясы дайындалган.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учураганда Бишкек шаары бир нече күн жылуулуксуз жана жарыксыз калган болчу. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...