Акыркы макалалар

Баткен: селдин кесепетинен үйлөргө суу толуп, унаалар, уйлар жана бодо малдар агып кетти

Баткен: селдин кесепетинен үйлөргө суу толуп, унаалар, уйлар жана бодо малдар агып кетти

Өлкө аймагында жааган катуу жаандан улам Лейлек районунун айыл аймактарында сел жүрүп, аталган аймактын жашоочуларын бир топ чыгымдарга учуратты.

Сел райондогу 9 айылда жана Исфана шаарында жүрүп, 2 туракты жараксыз абалга келтирген. 5 социалдык имаратка, 15 үйгө, 22 короого сел суулары кирген. Тилсиз жоо 19 гектар жер менен 5 чакырым ички арыктарды жалмап, кум-шагыл толтурган. Учурда ӨКМ тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары 2 даана электр мамычасын, 7 баш ири мүйүздүү, 21 бодо малды, 7 жеңил унааны агызып кеткен. 565 метрлик сел тосмолору да жарактан чыкты. Учурда сел кесепеттерин жоюу үчүн 100дөн ашуун техника ,100 куткаруучу, 400 жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү иш алып барууда. Келтирилген чыгымды түзүлгөн комиссия эсептеп жатат.

“Сел аябай катуу келди. Карасак баары эле агып кетип жатат. Чуркап келип эки унааны зым менен байлап, агызбай сактап калдык”,- дейт Чимген айылынын тургуну.

Азыр сел жүргөн Исфана-Кулунду-Арка жолу тазаланып, автоунаа каттамы ачылды. Ал эми Ак-Суудагы 5 чакырым аралыкты сел каптап, каттам токтоп турат. Тилсиз жоодон улам Кулунду айылында таза суу үзгүлтүккө учурап, Чимген, Ак-Суу айылдары электр жарыгысыз отурушат.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...