Акыркы макалалар

Кыргызстанга Орусиянын экинчи аскер базасы керекпи?

Кыргызстанга Орусиянын экинчи аскер базасы керекпи?

Кыргызстанга Орусиянын экинчи аскер базасынын кереги барбы, жокпу деген талаш-талкуу күчөдү. Талдоочулар дүйнөдө терроризм менен экстремизм курч болуп турганда орустардын базасы өлкө үчүн гана эмес, жалпы Борбор Азиядагы мамлекеттердин коопсуздугу үчүн зарыл деп эсептешет. Деген менен бул пикирди колдобой, Кыргызстан Орусиянын аскердик базасына муктаж эмес дегендер дагы четтен чыгат.

ПРЕЗИДЕНТ ОРУСИЯНЫН ЭКИНЧИ БАЗАСЫНА КАРШЫ ЭМЕС

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга Орусиянын экинчи аскерий базасын ачуу Ооганстандагы абалды биргелешип жайгарууга көмөкчү болорун айткан. Өлкөнүн түштүк аймагына жайгашат делинген база терроризм, экстремизм жана баӊги аткезчилигине каршы турууда көмөк болот деген оюн билдирген. Ошондой эле Кыргызстандагы аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгы жогорулай турганын кошумчалаган. Коопсуздук жаатындагы мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев өлкөдө Орусиянын экинчи аскер базасын ачуу акыркы учурларда байма-бай көтөрүлүп жатканын айтат.

— Бул маселе көптөн бери көтөрүлүп келе жатат. Акыркы убакта тез-тез айтыла баштады. Анткени учурда Борбор Азия жана Афганистанда кырдаал өзгөрүп жатпайбы. Ислам мамлекети террористтик тобу Сириядан жана башка жерлерден чегингенден кийин Афганистан тарапка ооп, Борбор Азия мамлекеттерин бутага алып жатат деген сөздөр айтылууда.

Сооронбай Жээнбеков 14-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Орусияга барган. Ал аскердик база тууралуу Орусиянын Сочи шаарында жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтып өттү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков Жакынкы Чыгыштагы согуш дээрлик Борбор Азияга өткөнүн, эми чөлкөмдөгү коопсуздукту камсыз кылыш үчүн Орусиянын экинчи аскердик базасы Кыргызстан үчүн ашыкча болбойт деген ойдо.

— Орусиянын базасы түштүк аймакка курулса ал биринчи болобу же экинчи болобу ашыкча эмес. Себеби ал жерден биздин дагы аскерлер машыгып, жаӊы куралдар, жаӊы система менен таанышышат. Андан тышкары аскердик база курулгандан кийин кошумча каражаттар бөлүнүп, кыргыз армиясына жаӊы техникалар келе баштайт.

«ЭКИНЧИ БАЗАНЫН ТАГДЫРЫ УКУКТУК ТАЛААДА ЧЕЧИЛСИН»

Кыргызстандын түштүк аймагына Орусиянын экинчи аскердик базасын жайгаштырууну орус бийлигине экс-президент Алмазбек Атамбаев сунуштаган. Ал тургай кыргыз тарап жерди дагы бөлүп берүүгө даяр экени кабарланган. Бирок азырынча эки тараптан теӊ чечимдер кабыл алына элек. Эгер аталган база ачыла турган болсо ал Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралары чектешкен аймакка жайгашмак. Генерал-майор Кубатбек Кожоналиев Орусиянын базасы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун негизинде ачылса маселе жаралбаш керек деп эсептейт.

— Афганистанда болуп жаткан жардыруулар, бири-бирине карама-каршы болгон куралдуу күчтөрдү көрүп жатабыз. Кыргызстан КМШ мамлекеттер аралык Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө. Ушунун алкагында, укуктук талаада биз аскерий багытта кызматташсак туруктуулук болот. Анткени терроризм бир гана улут же бир гана өлкөгө таандык эмес жалпы дүйнөлүк коркунуч.

ОРУСИЯНЫН АСКЕР БАЗАЛАРЫ КООПТУУБУ?

Учурда Кантта Орусиянын авибазасы бар. Бул базанын айланасында дагы бир топ талаш-талкуулар болуп келет. Кыргызстанга Орусиянын базасынын кереги жок дегендер да четтен чыгат. Өткөн жылы Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Канттагы база 1999-2000-жылдары Баткен окуясынан улам ошол кездеги кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен ачылганын айтып, «Эгер Кыргызстан Орусиянын базасы кереги жок десе биз аны ошол күнү алып чыгып кетүүгө даярбыз» деп билдирген.

Ал эми экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов Орусиянын базалары кооптуу экенине токтолду.

— Орусиянын Украинада Севастополь деген, Молдовада Предыстория деген аскер базалары бар болчу. Эми ал өлкөлөрдө эмне болду? Орусия Украинадан Крымды тартып алды, Предысторияны Молдовадан алып алды. Абхазия менен Осетияны болсо Грузиядан тартып алды. Орусия бул империялык мамлекет. Басып алсам деп турат. Ошондуктан Кыргызстанга бир эле базасы жетет эле. Кокус ал дагы чыгып кетсе жакшы болмок.

Ал эми Орусия лидери Владимир Путин Канттагы авибазаны кармап турууга Орусиянын кошумча каражаты кетип жатканын, бул жерде Орусиянын кызыкчылыгы эмес Кыргызстандын коопсуздугу тууралуу маселе бар экенин билдирген.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы АКШнын Кыргызстандагы авиабасын чыгаруу боюнча мыйзамга кол койгон. Өткөн жылы Атамбаев бул чечимди Орусия менен Кытайды таарынтып албоо үчүн кабыл алганын ачыктаган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...