Акыркы макалалар

Өлкө аймагында 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду

Өлкө аймагында 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду

Өлкө аймагында 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Азамат Оморовдун айтымында, ушу тапта өлкө аймагы боюнча 205 миӊ «акылдуу» электр эсептегич орнотулду же кардарлардын 15 пайызы камсыз болгон. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын атайын фондунан алына турган кезектеги гранттык каражатка да «акылдуу» эсептегичтер сатылып алынат.

Депутаттардын пикиринде, буга чейин сатылып алынган электр эсептегичтер ар түрдүү, баасы дагы ар кандай, сапаты начар болгондуктан, башаламандык өкүм сүрүп келген. Ошондуктан, аларды бирдей стандартка өткөрүү зарыл.

Баяндамачы өткөн жылы Улуттук энергохолдинг «акылдуу» эсептегичтердин бирдей стандартын бекиткенин, азыр ошол талап сакталып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы «Чыгыш электр» ишканасына 15 жылдык мөөнөт менен 4 млн евро көлөмүндө жеӊилдетилген насыя жана 2 млн евро өлчөмүндө грант бөлүүдө. Насыяны төлөөнүн жеӊилдетилген мөөнөтү 3 жыл.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...