Акыркы макалалар

Бир фазалуу электр эсептегич колдонгондорго тариф 70 тыйын боюнча калтырылат

Бир фазалуу электр эсептегич колдонгон абоненттерге тариф 70 тыйын боюнча гана калтырылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин бүгүнкү, 23-июндагы отурумунда белгилүү болду. Комитетте 2014-2017-жылдарга электр энергиясына Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын долбоору жөнүндөгү өкмөттүн сунушу каралды.

Баяндама жасаган Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев комитеттин кароосуна коюлган документтерде бир фазалуу электр эсептегичтерди колдонгон абоненттер үчүн тариф быйылкы жылга 70 тыйындан көтөрүлбөйт, бирок, кийинки жылдары инфиляцияга жараша жогорулатуу ченемдери жазылган,- деп түшүндүрдү. Бирок ошол эле учурда ал дагы жаңы түзөтүүлөр кошумчаланып жаткандыгын билдирди.

"Президент берген принциалдуу сунушка жараша бир фазалуу эсептегич колдонгон абонеттерге тариф 70 тыйын боюнча гана калат. Ал эми мындай мүмкүнчүлүктөн колдонуучулар жалпы керектөөчүлөрдүн 96%ын түзөт. Калган 4%ды түзгөн керектөөчүлөр үч фазалуу эсептегичтерди колдонгондор. Аларга 1-июлдан тартып 1 сом 20 тыйын деп белгилеп жатат. Бул Монополияга каршы агенттиктин бекитип берген ченеми",- дейт Артыкбаев.

"Биздин колубузга жеткен документте инфляцияга ылайык, электр энергияга болгон тариф жогорулайт деп жазылган. Ал эми азыр сиз айткан өзгөртүүлөр кагаз жүзүндө эч жерде жок. Киргизилген алымча-кошумчаларды тактап келген соң, маселени кийинки жыйында карайлы",- деп билдирди комитеттин төрайымы, КСДП фракциясынан депутат Дамира Ниязалиева Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевден расмий тастыктамаларды талап кылып.

Вице-премьер-министр Элвира Сариева билдиргендей, өкмөт тарифтерди жогорулатуудан мурда калктын аялуу катмарына каралуучу жеңилдиктерди эсептеп чыккан. Ошого жараша 115 миң үй-бүлөгө атайын жеңилдиктер каралат. Андан тышкары камсыздандыруу лимитин жайкы мезгилде 150-300 кВт, ал эми кышкысын 300-600кВт жогорулатуу багытында документтер даярдалып жаткандыгын билдирди.

Талкуу соңунда 2014-2017-жылдарга электр энергиясына карата орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбоору жөнүндөгү өкмөттүн сунушун парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...