Акыркы макалалар

Роза Отунбаева: Билим берүү тармагына бюджеттин 25% бөлүнөт, бирок натыйжа жок

Роза Отунбаева: Билим берүү тармагына бюджеттин 25% бөлүнөт, бирок натыйжа жок

Кыргызстанда билим берүүгө өлкөнүн экономикасынын 25% бөлүнөт, бирок натыйжа жок. Бул тууралуу биринчи улуттук балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана кесипкөйлүгүнүн келечеги аттуу форумдун жүрүшүндө КР экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгелер” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева билдирди.

Отунбаеванын айтуусунда, бүгүнкү күндө жакырчылыктын алдын алуу үчүн 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү керек, анткени дал ошол жашта пайдубал калыптанат.

“Бүгүн абдан маанилүү күн. Биз 5-6 жылдын ичинде көп нерсе жасадык, балдардын эрте өнүгүүсү – бул биздин билим берүүдө артыкчылыктуу. Кыргызстандын бюджетинин 25% билим берүүгө кетет, Японияда болсо ал үчүн 3% бөлүнөт, Европада – 6%. Бизде 25% жана биз бул менен сыймыктанабыз, бирок натыйжа жок”,-деп билдирди ал.

Отунбаеванын айтымында, Совет мезгилинде балдардын 30% бала бакчага барчу, анткени алардын ата-энелери күнү-түнү дебей фабрика, заводдордо эмгектенишкен.

“Бүгүнкү күндө биз араң гана 30% жетип жатабыз. Биз элдерге эмне үчүн балдардын эрте өнүгүүсү маанилүү экендигин түшүндүрүшүбүз керек. Бизди илим алдыга жылдырды. Окумуштуулар билдиргендей, баланын 80% мээси 3 жашка чейин калыптанат, биз бул мезгилди колдон чыгаруудабыз. Мисалга, Казакстанда балдардын 75% мектепке чейинки мекемелерге барышат”,-деп билдирди экс-президент.

Андан тышкары, ал кыргыз тилиндеги адабияттардын жетишсиздигин айтып, бул көйгөй болуп санала турганын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...