Акыркы макалалар

Мукарамов: 1,5 жыл ичинде интернет колдонгондор беш эсеге көбөйдү

Мукарамов: 1,5 жыл ичинде интернет колдонгондор беш эсеге көбөйдү

Уюлдук компаниянын программалар менен иштөө менеджери Медербек Мукарамов интернет колдонуучулар көп болгондуктан уюлдук операторлор антенна орнотуп жетишпей жатканын айтты

1,5 жыл ичинде интернет колдонгондор беш эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Медербек Мукарамов Sputnik Кыргызстан радиосунда "Аймактарга интернет жеткизүү" темасы боюнча маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, интернет жеткирүү жаатында атаандаштык курч болууда.

"Акыркы 1,5 жыл ичинде интернет колдонгондор беш эсеге көбөйдү. Ошол эле чурада 1 мегабайт интернеттин баасы төрт эсеге арзандады. Андан сырткары, интернетти активдүү колдонгондор 30 пайызга өстү. Мындан сырткары, мурда ар бир төртүнчү адамда смартфон болсо, азыр ар бир эки адамда бар", — деди Мукарамов.

Ал уюлдук операторлор антена орнотууга жетишпей жатканын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...