Акыркы макалалар

Түштүк Кореядагы Кыргызстандык студенттер Курултай өткөрүштү

Түштүк Кореядагы Кыргызстандык студенттер Курултай өткөрүштү

Кореянын Ульсан шаарында кыргызстандык студенттердин 1-курултайы өттү. Ага Кыргызстандын ар аймактарынан барган студент делегаттар катышты. Бул тууралуу Кореянын Ханян университетинде билим алып жүргөн Нурсултан Алтыбаев билдирди.

“Бул курултайды өткөрүү демилгесин Ульсан шаарындагы UNIST университетинде окуп жүрүшкөн кыргызстандык студенттер көтөрүп чыгышты. Иш-чаранын алкагында жердештер маданий иш-чараларды да өткөрүштү”,-деди Алтыбаев.

Курултайга Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылыч Султан, “КырХан” борборунун жетекчиси Асылгүл Төлөнбаева, “Elim Global” уюмунун жетекчиси Эмил Калилов чакырылып, алар студенттерге жылуу сөздөрүн айтышты.

Бул иш-чарага жалпысынан 150дөй жаштар катышып, күнүмдүк маселелерди талкуулоо менен бирге, Kyrgyz Global уюмун негиздешти. Ал – Түштүк Кореядагы кыргызстандык студенттерге көмөк көрсөтүүчү уюм болуп саналат.

Түштүк Кореяда жалпысынан 300дөн ашуун кыргызстандык билим алат.

Түп нускага шилтеме : yntymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...