Акыркы макалалар

Өзгөн менен Кара-Кулжада ондогон үйлөрдүн короосун суу каптады

Өзгөн менен Кара-Кулжада ондогон үйлөрдүн короосун суу каптады

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тараткан маалыматка караганда, 13-майда катуу жааган жамгырдан улам Өзгөн районундагы Кандава каналынан суу ашып, 15 үйдүн короосун, 1 үйдүн жертөлөсүн суу каптады. Мындан сырткары Тынчтык айылында 3 үйдүн короосун суу каптаган. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмү, райондук жарандык коргонуу комиссиясы, 1 жүктөгүч, өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Ушул эле күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ак-Турпак каналынан суу ашып, 12 үйдүн короо-сарайына жана 1 үйдүн полуна чейин кирген.

Окуя болгон жерде ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмү жана Жарандык коргонуу комиссисы иш алып барууда. Селдин кесепеттери эсептелип жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...